Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Чек ара: кыргыз-тажик жарандары бирге ооз ачарга чогулушту


Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Баткен, Лейлек районунун тургундары менен Тажикстандын Гафуров, Исфара райондорунун тургундары ооз ачарга чогулушту. Ага жалпы эки жүзгө жакын адам катышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш чарада, коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары орозо айында жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты. Ошону менен бирге жаштарды да ынтымакка чакырып, биримдикте жашоо керектигин билдиришти”, - деп айтылат облустук бийликтин маалыматында.

Былтыр 28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашык тургун жараат алган.

Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG