Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Өкмөт ички авиакаттамдардын санын көбөйтүүнү көздөөдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Анда ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча программанын долбоорун даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жыйында жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлө турганы айтылды.

Кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Анда кыргызстандын авиакомпанияларын Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин «кара тизмесине» кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.

2019-жылдын январында Аба кодексине өзгөртүү киргизилип, "Ачык асман" долбоору колдоо тапкан. Ага ылайык, бардык чет элдик авиакомпанияларга эч кандай чектөөсүз Кыргызстандын аэропортторуна учуп келип-кетишине, жүргүнчү жана жүк ташып, кайра үчүнчү мамлекеттерге учууга жол ачылат. Долбоор талкууланып жатканда жергиликтүү авиакомпаниялар «ал ишке кирсе банкрот болобуз» деп кооптонушкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG