Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Конгресс Украинага курал жөнөтүүнү жеңилдеткен мыйзамдын долбоорун колдоду


Владимир Зеленский Конгрессте сүйлөп жатат.
Владимир Зеленский Конгрессте сүйлөп жатат.

Бейшембиде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Украинага аскердик жардам көрсөтүүнүн жолдорун жеңилдеткен ленд-лиз (Lend-Lease) жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду. Документти Конгресстин эки партияны кошкондо 417 мүчөсү колдоп, 10у каршы чыкты.

Сенат бул мыйзам долбоорун буга чейин жактырган, эми ага президент Жо Байден кол коюшу керек.

Документте АКШ Украинага жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө 2023-жылга чейин курал-жарак берери каралган. Ошол эле учурда, Украина алдын ала акы төлөөгө милдеттүү болбойт. "Ленд-лиз" термини "ижарага берүү" деп которулат. Мыйзам Украинага заманбап аскердик техникаларды алууга мүмкүндүк берет, бирок так эмнелер жеткирилет тизмеси кийинчерээк аныкталат.

Бул документ январь айында Москва Украинага кол салары кабарланып жаткан учурда даярдалып, Конгресстин сайтына жайгаштырылган. Ага Республикачылар партиясынын 14 сенатору, демократтардан алты сенатор жана Конгресстин жогорку палатасынын бир көз карандысыз мүчөсү авторлук кылат.

"Ленд-лиз" программасы акыркы жолу Дүйнөлүк экинчи согуш маалында колдонулган. Анда Америка нацисттик Германияга каршы күрөшкөн Улуу Британия жана СССР сыяктуу өлкөлөргө аскердик жардам көрсөткөн.

Бейшемби күнү АКШ президенти Жо Байден Украинага 33 миллиард доллар жардам бөлүүнү сурап, Конгресске кайрылганын билдирген. 28-апрелде Ак үйдө сүйлөгөн президент Кошмо Штаттар Украинага орус агрессиясына каршы күрөштө көмөгүн улантарын, курал-жарак менен камсыздоону көбөйтө берерин айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG