Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Бала бакчанын курулушу талашка түштү


Кара-Суу. Талашууга түшкөн спорт аянтчасы
Кара-Суу. Талашууга түшкөн спорт аянтчасы

Кара-Суу районунун Киров айылына курула турган бала бакчаны мектептин короосуна салуу демилгеси талаш-тартыш жаратты. Айрым ата-энелер бала бакча керектигин айтса, башкалары анын мектептин короосуна салынышына каршы болушууда.

Райондук билим берүү башкармалыгы бала бакча менен мектеп бир короодо жайгашканы билим берүү эрежесине туура келбей турганын айтып жатат.

Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылындагы Айдар Рахманалиев мектебинин аймагына 160 орундуу бала бакчаны куруу демилгесине айрым ата-энелер каршы чыкты. Алардын пикиринде, бала бакча окуучулар ойной турган спорт аянтчасына салынганы жатат.

Барчынай Эгембердиева.
Барчынай Эгембердиева.

"Өзүбүздүн укугубузду талап кылганга эмнеге болбойт? Мектептин аянтын кыскартып койсо балдарыбыз каякка барышат. Азыр төрт балам ушул мектепте окуйт. Заман ушундай экен, балдарыбыз кыргыз жана орус класстарын окуш керек. Кийинчерээк окуучулар мектепке батпай калса эмне кылабыз? Мурун союз кезинде айылдын ичинде бала бакча бар болчу. Аянты 56 сотых. Аны дагы мурунку айыл өкмөт башчылары сатып жиберишкен. Андан сырткары жол боюнча эски чайкананын орду бар эле. Ал жерди дагы жеке менчикке сатып жиберген. Эмнеге ошол жерлерге бала бакча курушпайт?" - деп суроо салды жергиликтүү тургун Барчынай Эгембердиева.

Атын ачык айтууну каалабаган дагы бир жашоочу буларга токтолду.

"Мектепте балдар ойной турган жер керекпи? Балдар ойнош керек. Биз ушул жерде окуганбыз. Спорт аянтчасы жок мектеп эч жерде жок болсо керек. Айыл өкмөт курабыз деп жатат. Аларга бир нерсе деп айтуу кыйын экен да".

Айыл тургундарынын арасында мамлекеттик бала бакчанын курулушун жактагандар да бар. Алардын бири азыр айылда жеке менчик бала бакчанын баасы 4-5 миң сомго чыкканын маалымдады.

"Ошол убакта ата-энелерибиз сатып жиберсе бизде күнөө жок да. Эми аны соттошууга атайын адамдар бар айыл өкмөттө. Ошолор караш керек. Бул иш азыркы айыл өкмөттүн иши эмес. Ушул жерде ар бир жашоочунун бир-экиден небереси бар. Биз Кара-Суу шаарына жакын болгон үчүн ошол жакка барып жатабыз. Азыркы айыл өкмөт куруп берем десе, эмнеге тоскоол болушубуз керек? Район акими жеринен барып тактайбыз деди. Сатылып кеткен эски бакчанын ордун алууга мүмкүнчүлүк жок. Ал жерде адамдар жакшы жашап жатат".

Киров айылында 10 миңге жакын эл жашайт. Айылда учурда жеке менчик төрт бала бакча иштеп жатат. Муниципалдык бала бакча куруп берүү талабы көп жылдан бери коюлуп, айылдык кеңештин депутаттары аны өткөн жылы колдоп берген.

Ага ылайык, айыл өкмөтү быйыл курулушка 38 млн сом бөлгөн. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Амирбек Жунусов айылдын башка бөлүгүнөн бала бакча курууга жер табылбаган үчүн Айдаралиев мектебинин спорт аянтчасынын ордуна куруу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул үчүн спорт аянтчанын 50 сотыхы бөлүнгөн. Эл каршы чыккандыктан токтоп турат.

"Бала бакча куруу боюнча чечим кабыл алганбыз. Башка муниципалдык жерибиз жок болуп жатат. Ага ылайык айылдык кеңеш менен, эл менен макулдашып, А.Рахманалиев мектебинин спорт аянтчасына бакча куруп беребиз. Ал эми балдар ойной турган спорт аянтчаны заманбап түрдө от жаккан меш турган аянтка куруп беребиз".

Жунусов жергиликтүү жашоочулардын тиелешүү жерлер сатылып кетти деген дооматтарына жооп берди. Ал сатылып кеткени айтылган эски бала бакчаны сот аркылуу кайтарып алуу узак убакыт талап кылат деп эсептейт.

Ошол эле кезде мектеп менен бала бакчанын бир короодо жайгашканы окутуу жобосуна туура келбей турганын айткандар чыкты. Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйүнбай Исаковдун оюн угалы.

"Курулуш талаптары бар. Мектеп кандай курулуш керек, бакча кандай курулуш керек... Бул жерде бала бакчаны курууну коомчулук чечиши керек. Биздин позициябыз - мектеп болгон жерде бала бакча болбошу керек да өзү. Бала бакчада 3 жаштан 6 жашка чейинки наристелер тарбияланат. Аларда уйку мезгили болот. Бөбөктөр уйку мезгилинде бул жактагы окуучулар ызылдап ойношу мүмкүн. Алар чоң балдар менен чогуу болбошу керек. Пандемиядан кийин талаптар катуу коюлууда. Көпчүлүк бала болбошу керек, аралашпоо керек деген талаптар бар".

Киров айылындагы талаш Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевге да жеткенин билдик. Ага кайрылганыбызда, орун басары Болот Баяке уулу аким тургундарга мектептин спорт аянтчасы ордуна каларын, бала бакчага башка орун издөөнү табыштаганын маалымдады.

"Бир ай мурун акимге да келип кетишкен. Ал айыл өкмөттү да чакырып, сүйлөшүп, ал жерге эч нерсе курулбайт, спорт аянтча ошол бойдон калыш керек деп тапшырма берген. Маселе чечилген. Кагаз чыгарып айыл өкмөттүн орун басарына берилген".

Кара-Суу районунда 500 миңге чукул калк жашайт. Райондо мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчаларды кошкондо 124 бала бакча бар. Райондук билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча аймакта 60 миңден ашуун бала бакча курагында. Алардын 10 миңден ашууну гана бала бакчага барат.

2020-жылдагы өкмөттүн маалыматы боюнча Кыргызстанда 400 миңдей наристе бала бакчаларга барбай турганы айтылган. Анткени өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Башка бир мааалыматтарда жети жашка чейинки балдардын 70 пайызы бала бакчаларга тартылган эмес.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 1991-жылы Кыргызстанда 1600дөн ашуун бала бакча иштеп турган. Бирок эгемендиктин алгачкы жылдары көп бала бакчалар жабылып, алардын имараттар жеке жактарга сатылып, айрымдарына мамлекеттик мекемелер жайгаштырылган.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG