Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Ата-энелерди күттүргөн бала бакчалар


Бала бакчадагы оюнчуктар.
Бала бакчадагы оюнчуктар.

Кыргызстанда карантин чаралары жумшарып, бардык мамлекеттик бала бакчалардын иштешине уруксат берилди.

Бала бакчалар өлкөдө кырдаал турукташып, бирок азыр да күн сайын ондогон адамдан илдет табылып жаткан учурда кайрадан толук ачылып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Канышай Темирбек кызы баш калаа карантинге жабылгандан бери балдарын үйүндө карап жатат. Ал мамлекеттик бала бакчалардын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп отурган кези.

«Бала бакча жабылгандан бери кыйналып эле келатабыз, - деди ал. - Күйөөм жалгыз иштейт. Анын тапкан акчасы тамак-ашка араң жетет. Мен эки эгиз кызымды карап үйдө отурам. Улуу кызыбызды кайненем карап жатат. Бала бакча ачылса мен да жумушка чыгайын деп жаткам. Мамлекеттик бала бакчага алып барып жатканбыз. «Августта иштейт» деп айтышкан. Азыркыга чейин иштей элек. Албетте, балдарды бакчага бергенден кооптонуп турабыз. Бирок коркуп отура бергенде акча, тамак-аш жагынан бизге эч ким жардам бербейт да».

Канышай Интернеттен коронавирустун белгилерин, бала ооруганда кандай жардам көрсөтүшү керек экенин окуп, билип алганын кошумчалады.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдө бала бакчалар ар бир аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү бийликтин чечими менен иштей турганын билдирген.

Министрликтин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов бул боюнча мындай деди:

Акылбек Орозматов.
Акылбек Орозматов.

«Негизи бала бакчалардын ишине уруксат июнь айында эле берилген. Жергиликтүү бийлик жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору уруксат берген аймактарда бала бакчалар иштеп жатат. Ал эми уруксат берилбеген аймактарда иштеген жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги алар кандай шартта иштеши керек экенин түшүндүргөн буйрук чыгарып, алгоритм түзүлгөн. Сунуштамалар, нускалара ар бир аймакка жөнөтүлгөн».

Баш калаа Бишкекте учурда жеке менчик бала бакчалар гана иштеп жатат. 8-августа ишин баштаган «Асылай» жеке менчик бала бакчасынын жетекчиси Гүлжан Молдогазиева учурда бала бакчага кайрылган ата-энелер көбөйгөнүн айтты:

«Бизге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору атайын көрсөтмөлөрдү берген. Ага ылайык биз бир тайпага 12ге жетпеген эле бала кабыл алып жатабыз. Ар бир баланын дене табын эртең менен өлчөп, саламаттыгын карап, анан гана бакчага киргизебиз. Биз буга чейин деле ушул эреже менен иштеп келгенбиз. Эгерден баланын эти ысып, дене табы көтөрүлүп турса, аны биз бакчага кабыл албайбыз. Ата-энелер да муну жакшы билишет. Бизге келген балдардын ата-энелери базарда, дагы башка жакта иштеп, айрымдары батирде турушса, кээ биринин насыялары бар. Пандемия учурунда аябай кыйналып калышты. Азыр ушундай кырдаалда балдарын жакшы бала бакчага бергиси келет. Бизге күнүнө 20-30 киши чалат. Биз абалды түшүндүрүп, көп бала кабыл ала албай турганыбызды айтып жатабыз».

СOVID-19 балдарга жукса опурталдуу

Мамлекеттик бала бакчалар Бишкекте 20-мартта жабылып, ошол боюнча иштей элек. 25-августта өкмөт мамлекеттик бала бакчалардын ишине уруксат берүү маселесин көтөрдү. Ага ылайык ар бир бала бакча санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так аткарышы керек.

Бирок адистер бала бакчалар ачылып, мектептер иштей баштаса коронавирустун кийинки толкуну балдар арасында күчөшү мүмкүн экенин эскертишет. Маселен, мамлекеттик бала бакчаларда бир эле тайпада 70, айрым учурда 90го чейин бала тарбияланат. Мындай учурда вирус өтө бат тарашы мүмкүн.

Андан сырткары өлкөдө балдардын дарыгерлери, анын ичинен балдар инфекционисттери жетишсиз экени айтылып келет.

Медицина илимдеринин доктору, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын башчысы профессор Зуура Жолбунова бала бакчаларды ачуу азырынча эрте экенин айтууда.

«Азыр баары Бишкекке келишти, - дейт ал. - Балдар чогулуп бакчага бара баштайт. Балдар аралыкты сакташы керек экенин такыр түшүнбөйт да. Бир тайпада бир эле тарбиячы болсо, ал баарын көзөмөлдөй албайт. Мындай учурда ар түрдүү оорулар бала бакчадан эле балдарга жуга баштайт. Коронавирустан башка деле сасык тумоо, гепатит, ич өткөк - баары бири-бирине жугат. Менин жеке оюм: азырынча бала бакчаларды ачуу эрте. Албетте, ата-энелерди түшүнүп турам, иштеши керек. Бирок бизде азыр балдар инфекционисттери, дарыгерлери жетишсиз. Балдарды дарылоо такыр башкача. Алардын организмин чоңдордуку менен салыштырып болбойт. Балдар ооруса өтө опурталдуу болот. Андан сырткары бала коронавирус жугузуп алса, аны гепарин же клексан сайып дарылай албайбыз».

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 388 балага коронавирус жугуп, алардын ичинен Нарында бир ымыркай чарчап калган.

Бишкек мамлекеттик бала бакчалардын ишине уруксат бере элек

Бишкек мэриясы мамлекеттик бала бакчалардын ишине азырынча уруксат бере элек. Бирок буга карабай эпидемиологиялык кырдаалда кантип иштеш керек экендиги тууралуу тарбиячылар арасында окутуу жүрүп жатат.

Бишкектеги №43 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Махабат Үркүнбаева бала бакчада балдардын санын азайтуу боюнча иштер каралаарын «Азаттыкка» билдирди:

«Мурда бизде бир тайпада 70 бала бар болчу. Эгер иштей баштасак биз ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин алып барабыз. Кээ бир ата-энелер үйүндө отурушат. Аларга балдарын үйүндө кароо коопсуз болот. Айрым ата-энелердин экөө тең мамлекеттик кызматта иштеп, карай турган киши жок, балдарын бала бакчага берүүгө мажбур. Биз мына ушундай ата-энелердин балдарын биринчи кезекте кабыл алышыбыз керек. Баласын үйдөн караганга мүмкүнчүлүгү бар ата-энелерден суранабыз. Андан сырткары балдар башка тайпадагы балдар менен байланышта болбошу үчүн ар бир тайпаны өз-өзүнчө эшик менен киргизип-чыгарабыз жана балдар сөзсүз медайымдын көзөмөлүндө болот».

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG