Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:43

Оштогу бала бакчалардын абалы


«Зирек» балдар борбору.
«Зирек» балдар борбору.

Эгемендик жылдарында мамлекеттик мекемелердин маани бербеген мамилесинен улам Ош шаарындагы 12 бала бакчанын имараттары жеке менчик колдорго жана башка тармактарга өтүп кеткен. Учурда алардын ичинен төртөө артка кайтарылды.

Ал эми башка тармактарга колдонууга берилип кеткен сегиз имаратты мэрия балдар бакчасына кайтара албай келатат. Шаардык кеңештин айрым депутаттары муну шаар бийлигинин алсыздыгы катары сыпатташууда.

Эгемендик алган жылдары социалдык мекемелер, бала бакчалар Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында туруп эле фонддун баланстык аныктамасынын негизинде менчиктештирилип, башка мекемелердин карамагына өтүп кеткен. Бул туурасында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын муниципалдык мүлктү каттоо бөлүмү тастыктады. ​Бөлүмдүн башчысы Канышай Имарова ​2001-жылга чейин менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтарууга такыр эле мүмкүн болбой жатканын билдирди:

Канышай Имарова.
Канышай Имарова.

- Бизде жеке менчикке 2001-жылга чейин өтүп кеткен бала бакчалар бар, алар бүгүн да жеке менчикте. «Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы имараттар Ош мэриясынын карамагына өтсүн» деп 2001-жылы өкмөттүн №608 токтому чыккан. Ал токтомго жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалардын тизмеси кирип калган. Биз аны шаардын менчигине кайтаралы дегенде Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен сатылып кетиптир. Аны биз кайтарганга мүмкүнчүлүк болбой калды.

Оштун Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имаратын менчиктештирип алган тараптын бири - «Бета-Кыргызстан интернешнл» ишканасы. Бирок бала бакчага тиешелүү жер аянты муниципалдык менчикте. Бакчанын имаратын кайтарып алуу боюнча Ош мэриясынын арызын Жогорку сот четке кагып, «Бета-Кыргызстан интернешнл» ишканасынын пайдасына чечкен.

Ал эми 2001-2003-жылдар аралыгында жеке менчике сатылган «Мээрим», «Айданек» бала бакчалары, аларга тиешелүү жер аянттары артка кайтарылып, кайра эле ошол бала бакчалардын карамагына өткөн. Канышай Имарованын айтымында, буга чейин шаардын аймагындагы жеке менчикке өткөн сегиз бала бакча учурда социалдык имарат катары пайдаланылып жатат. Алардын бирөө Ош мамлекеттик университетинин карамагында.

- Азыр сегиз бала бакча жеке менчик эмес социалдык мекеме катары пайдаланылып жатат. Алар университеттердин карамагында турат. Бүгүнкү күндө бала бакча катары пайдаланылбаса да билим берүү багытында иштеп атат, - деди Канышай Имарова.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзыев ОшМу өзү билип карамагында турган бала бакчаны мамлекетке кайтарышы керек деп эсептейт. Ушу тапта университеттин карамагында турган «Зирек» балдар борбору шаардын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Эсенбек Арзыев бул аймакта бала бакча жокко эсе экенин эске салды:

Эсенбек Арзыев.
Эсенбек Арзыев.

- ОшМу Ош шаарында жайгашып, Ошто өнүгүп жатат. Окуу жайы да шаардын өнүгүшүнө кол кабыш кылса жаман болбойт эле. Ошол бала бакчаны ОшМу шаарга кайтарып бериши керек. 240 орундуу бала бакчага биз кеминде 500 баланы жайгаштырмакпыз. Түштүк-чыгыш кичи районунда азыр ушунчалык эл жыш жайгашкан бирок бала бакча жок.

Ош мамлекеттик университетинин басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева учурда университет бала бакчаны мыйзамдуу түрдө билим берүү багытында пайдаланып жатканын билдирди:

- Учурда «Зирек» балдар борборунда мектеп окучулары тарбияланат, билим алышат. Ал жерде студенттер эмес, мектепке чейин даярдоо класстары жана 1-4-класстын окуучулары окушат. Ал имарат өз багытында эле колдонулуп жатат.

Ош шаардык мэриясы азырынча жеке колдо пайдаланылып жаткан бала бакчаларын кайра артка кайрып, өз багытында колдонуу жаатында жасаган аракети өзүн актай элек. Андай бала бакчалардын биринде ушул тапта СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору жайгашкан.

Эсенбек Арзыев шаар бийлиги бакчаларды өз максатында колдонууну камсыздоо багытында менчик ээлери менен жетиштүү деңгээлде сүйлөшүү жүргүзбөй жатат деп эсептейт.

Ар бир имарат курулганда өз багыты менен пландалат. Балдар бакчасы башкача курулат.


- Көп имараттарды бошотуп, медицина тармагын өзүнө берип, билим берүүнү өзүнө берсе болот, - деди ал. - Ар бир имарат курулганда өз багыты менен пландалат. Балдар бакчасы башкача курулат. Анын бөлмөлөрү, балдар уктоочу бөлмөлөр башкача болот. Ал эми оорукана айырмаланып башкача курулат. Бизде бала бакчаны ооруканага берип салган учурлар бар.

Ош шаардык мэриясынын социалдык жактан өнүгүү боюнча бөлүмүнөн берген маалыматка ылайык ушу тапта Ош шаарында мектепке чейинки билим берүүчү 70 мекеме иштейт. Алардын 41и мамлекеттик бала бакча болсо, калганы жеке менчик. Шаар боюнча 15 миңден ашуун наристе бала бакчага барат. Кезекте бакчага кире албай тургандардын саны 4 900 бала.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG