Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Көлдүктөрдүн бала бакча убарасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы Каракол, Балыкчы шаарларында кенже жана мектепке чейинки курактагы кеминде 3 миӊ баланын ата-энеси муниципалдык жана тармактык балдар бакчаларына кезек күтүүдө.

Ата-энелер бакчаларга киргизүү да, андан кийинки абал да түйшүк жаратып жатканын айтып жатышат. Облустук билим берүү мекемелеринин жетекчилери нааразылыкты балдар бакчаларынын тартыштыгы менен байланыштырышууда.

Каракол шаарынын тургуну Айгүл Турдалиева - эки баланын апасы. Ал быйыл 3,5 жашар кызын Караколдогу №6 бала бакчага тааныш аркылуу киргизди. Ал эми 2,5 жашар баласын жайгаштыруунун жолун таба алган жок. Себеби, бакчаларда орун жок, менчик бакчаларга бергенге каражат тартыш.

«Жеке менчик бала бакчага барууга чамабыз жетпейт, - деди ал. - Мамлекеттик бала бакчага кезек күтүп же тааныш аркылуу, болбосо «ыраазылык акы» берип жатып араӊ киргизебиз. Албетте, жакшы караган да, орто тарбиялаган да социалдык жайлар бар. Бирок жашаган аймакка байланыштуу аларды тандай албайбыз да».

Каракол шаарынын дагы бир тургуну Айнура Сагындыкова бакчага эки жыл кезек күтүп, чыдамы кеткенде 4 жашар кызын мектеп жашына чейинки курактагы балдардын тайпасында бошогон орунга киргизди. Бирок кыйынчылык ушуну менен эле бүтпөй турганын айтып отурат:

«Мен бир эле кызымды бала бакчага араӊ орноштурдум. Эми сүйүнүп отурсам, күнүмдүк төлөмдөн сырткары, чарбалык иштер үчүн фондго 540 сом, бир баштык жууп-тазалоочу каражаттарды милдеттүү түрдө алдырып жатышат. Бул эмне деген шумдук? Мамлекет акча бөлбөйбү?»

Муниципалдык бакчалардагы тартыштыкка, андагы төлөмдөргө нааразы болгон мындай ата-энелер аз эмес. Бирок дооматтарга карата бала бакчалардын, алар карамагына кирген билим берүү тармагынын өз жүйөлөрү бар. Облустук билим берүү институтунун жетекчисинин орун басары Нүргүл Шарапова мындай дейт:

«Ата-энелер чогултуп жаткан 540 сомдук фонд бул оӊдоп-түзөө сыяктуу күнүмдүк чарбачылык иштерге жумшалат. Ал эми жууп-тазалоочу каражатты жашочулар өз каалоосу менен гана жардам иретинде алып барышат».

Ал эми «балдарды орноштуруш үчүн жең ичинен акча алып жатат» деген кептерди Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеӊиш Урумов четке кагып, мындай сөздүн тарашына бакчаларда орундардын тартыштыгы таасир этип жатканын билдирди:

«Бала бакчага орноштуруу, жетекчилер акча талап кылуу деген маселе жашоочулар тарабынан бири-бирине тарап кеткен. Буга биз да катуу көзөмөл кылып, ар бир бала бакчанын башчыларына эскертүү берүүдөбүз. Ал эми кезек күткөндөр чындыгында оор, бала бакча аз, баланын саны көп».

Облустук билим берүү мекемелеринин жетекчилери ар кандай имиштерге бөгөт коюунун аргасын бакчага кабыл алуунун электрондук кезек системасын киргизүүдөн көрүп жатышат.

Статистикалык маалыматтарга караганда Ысык-Көл облусунда 120дан ашык менчик, муниципалдык жана мекемелик бала бакча бар. Бул жалпы суроо-талаптын 38 пайызын гана камсыз кыла алат. Башкача айтканда дагы кеминде 72 бала бакча куруу муктаждыгы бар. Быйыл эки бала бакча жаңы ишке кирди, дагы үчөөнүн курулушу жүрүп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG