Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Эски мектептин эки бөлмөсүндөгү бала бакча


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Араван районундагы Юсупов айыл аймагында бала бакчанын жетишсиздигинен улам башталгыч мектептин эки бөлмөсү бала бакчага берилген.

Наристелер бул бөлмөлөрдө тамактанып, уктап, тамга таанууга да жетишет. Муктаждыктан улам, учурда бул айыл аймагында эки кабаттуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Уктап, окуп, ойноо үчүн эки бөлмө

Юсупов айыл аймагындагы «Бөбөктөр» деп аталган бала бакчада эки - орто жана чоң тайпа болуп, жалпысынан 60 бала тарбияланат. Айыл аймагында таптакыр бала бакча жоктугунан 2015-жылы эски башталгыч мектептин эки бөлмөсүн бала бакчага бөлүп беришкен. Бала бакча менен мектептин ашканасы жалпы. Бул тууралуу «Бөбөктөр» бала бакчасынын тарбиячысы Фарида Нурдинова билдирди:

«Имарат эски, курулганына 30-40 жыл болуп калса керек. Бизде мурда бала бакча жок болгондуктан, эки бөлмөсүн эптеп бала бакча кылып беришкен. Тар, шарттарыбыз толук эмес. Балдар ушул эки бөлмөдө укташат, ойношот. Тамакты болсо мектептин ашканасына барып ичишет. Өзүбүзчө ашканабыз жок. Сыртта балдар ойноочу аянтча жок».

Фарида Нурдинованын айтымында, ата-энелер жана тарбиячылар улам арызданып жүрүп, жаңы бала бакчанын курулушуна жетишкен.

Бакчада орто жана улуу тайпа гана болгондуктан, улуу тайпадагы балдарга тамга таанытып, окуганды, жазганды үйрөтүү да ушул эки бөлмөдө өтөт. Тарбиячы Барнохан Маткаримова да эски мектептин эки бөлмөсү 60 балага өтө эле тардык кыларын белгиледи:

«Балдар ушул эки каанада укташат, чечинишет. Ырдаганды, сабакты да ушул жерде үйрөтөбүз. Күн жылуу мезгилде сыртка алып чыгабыз. Бирок азыркы ысыкта көлөкөлүү жер жок».

Араванда балдардын 38% гана бакчага барат

Юсупов айыл аймагында учурда 60 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Аны «Араванресстрой» курулуш ишканасы жүргүзүүдө. Анын башчысы Абдихалим Норкуловдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, куруучулар быйыл күзгө чейин бала бакчаны бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү көздөп турушат.

«Биз бул бала бакчанын курулушун январда тендерден утуп алганбыз, - деди ал. - Азыр негизги курулуштары бүттү. Буюрса күзгө маал бүтүрөбүз. 2 кабаттуу, бардык шарты бар бала бакча салып жатабыз. Суу тартылган, бардык шарты бар».

Араван районунда жашаган калктын саны 132 миңден ашат. Жалпысынан райондо 55 бала бакча бар. Анын ичинен үчөө жеке менчик. Бирок бул бакчалар аймактагы бакча жашындагы балдардын 38% гана камтыйт. Бул тууралуу «Азаттыкка» мааалымдаган район акими Курбанбек Айтибаевдин маалыматы боюнча бул кенемтени жоюш үчүн жаңы бала бакчалардын курулуштары башталууда.

«Быйыл мамлекеттик бюджеттен Нурабад айыл аймагында да чоң бала бакчанын курулушу жүрүп жатат, - деди аким. - Юсупов айыл аймагында, мына өзүңүз көрүп тургандай, 60 орундуу бала бакчанын курулушу аягына чыга жаздап калды. Жакынкы жылдары мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчаларды көбөйтүүнү алдыбызда биринчи аткарылчу маселе кылып койдук».

Бала бакчалардын жетишсиздиги Кыргызстандагы көйгөйлүү маселелердин бири. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө бакча жашындагы наристелердин 40% гана бала бакчага барат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG