Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

20-марттан тартып Кыргызстанда бала бакчалар да карантинге жабылды


Алайдагы бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.
Алайдагы бала бакча. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчалардын ишин 8-апрелге чейин токтотуу жөнүндө буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, бала бакчалар жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери, балдарды эрте өнүктүрүү борборлору баары менчигинин түрүнө карабастан ишин убактылуу токтотот.

Мындан тышкары аталган мекемелер эки күн ичинде имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүүгө тийиш. Республикалык бюджеттен каржыланган бала бакча кызматкерлеринин эмгек акысы сакталат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 16-марттан тартып мектептер жана окуу жайлары карантинге жабылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG