Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Бала бакчалар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт


Бишкектеги бала бакчалардын бири.
Бишкектеги бала бакчалардын бири.

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү мекемелери аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү бийликтин чечими менен иштейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Министрликтин июнь айында чыгарган буйругу менен бала бакчалардын иштеши үчүн колдонмо даярдалып чыккан. Бала бакчаларга вебинарлар уюштурулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн.

25-августта өкмөттүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылышы керек экенин эскертти. Кыргызстанда 1600дөн ашуун бала бакча бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG