Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

УКМК Туйгунаалы Абдраимовдун кармалышы тууралуу маалымат берди


Туйгунаалы Абдраимов БШКны 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары башкарып турган. Сүрөт 2006-жылы тартылган. (архив)
Туйгунаалы Абдраимов БШКны 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары башкарып турган. Сүрөт 2006-жылы тартылган. (архив)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы саясатчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимовдун камакка алынышы боюнча түшүндүрмө берди. Атайын кызматтын билдирүүсүндө экс-төрага "БШКны жетектеп турган учурунда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык "Кайнар" ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган" деп жазылган.

Маалыматка ылайык, "Кайнар" ишканасы аталган тилкеде катуу калдыктарды жок кылуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарган эмес. Ал эми Кант шаардык мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу үчүн ай сайын 250 миң сомдон “Кайнарга” төлөп турган.

"Бул фактылар боюнча 30-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү Т.Абдримов кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди",- деп жазылган билдирүүдө.

Азыркы учурда УКМК тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Туйгунаалы Абдраимовдун 30-апрелде кармалып, камакка алынганын жакындары "Азаттыкка" кабарлашкан. Алар атайын кызмат Абдраимовду саат 19:00 чамасында үйүнөн "аңгемелешүүгө" деп алып кетип, түнкү 12 чамасында 48 саатка камаганын айтышкан.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG