Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Бишкекте 10 жаштагы кызды сабаган өспүрүмгө кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык тармактарда 3-класста окуган кызын жогорку класстын окуучусу - өспүрүм бала катуу сабап койгонун апасы жазып чыкты. Анын сөзүнө караганда, токмоктон улам эсин жоготкон кыз аны таап алышканга чейин бир нече саат бою мектептин артында, короодо жаткан. Окуя болгон 27-апрель күнү жаан жана мөндүр жааган.

Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, бул окуя №58 орто мектепте катталды. 27-апрель күнү саат 16:00 чамасында 12 жаштагы Б. Э. аттуу кыздын жоголгону, мектепке кеткен боюнча кайрылбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Райондук жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери саат 18:00 чамасында кызды мектептин артынан оор абалда жаткан жеринен таап, ооруканага жеткиришкен.

Секелекти сабоого шек саналган 14 жаштагы өспүрүм ошол эле күнү аныкталып, милицияга жеткирилген. Өспүрүмдүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мектепте балдардын бири-бирин сабаган учурлары арбын катталууда.

Өткөн жумада Октябрь районундагы мектептердин биринде окуучу кыздын ар кайсы убакта бир нече кызды сабап жатканы тартылган тасма соцтармактарга тараган. Ата-энелер кызды мектептен чыгарууну талап кылып, чыр чыккан. Бул окуядан кийин президенттик аппарат мектептердеги балдардын сабалышына көзөмөл күчөтүлөрүн билдирген. Бишкектин билим берүү башкармалыгынын тапшырмасы менен башталгыч класстардын окуучуларына жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG