Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

"Үч миңдей буюм жоголгон". Өзбекстанда уурдалган маданий мурастар


Ташкенттин метросундагы өзбек акыны Алишер Новаинин сүрөтү.
Ташкенттин метросундагы өзбек акыны Алишер Новаинин сүрөтү.

Жума ичинде эл аралык басылмаларга чыккан макалаларга сереп.

Музейлерден уурдалган тарыхый экспонаттар

Eurasianet 29-апрелде Өзбекстандагы музейлерден баалуу экспонаттар уурдалганын жазды.

Хивадагы Ичан-кала комплекси. Иллюстрациялык сүрөт
Хивадагы Ичан-кала комплекси. Иллюстрациялык сүрөт

Макалада айтылгандай, өзбек президенти өткөн шейшембиде өкмөт жыйынында акыркы 30 жылда 14 музейден уникалдуу маданий мураска кирген 3 миңдей буюму жоголгонун билдирген.

"Президент алар 355 миллион долларга бааланарын айтты. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Хивадагы тарыхый комплексте 101 экспонат жасалма экени, түп нускасы жоголгону аныкталыптыр. Арасында металлдан жасалган идиш-аяк, кийим-кече, тыйындар, курал жана бир медал бар. Бухарада 81 жасалма экспонат бар болуп чыкты", - деп жазды басылма комиссиянын сүрөттөрүнө таянып.

Мирзиёев бардык музейлерде сакталган артефакттарды санариптештирүү тапшырмасын берди.

Макаланын автору маданий баалуулуктарды уурдап, кымырып алуу учурлары тууралуу буга чейин эле айтылып келгенин белгилейт.

Бирок былтыр декабрда Kun.uz сайты Улуттук китепканадан кеминде 56 кол жазма жана алты литография жоголгонун жазгандан кийин бул маселе кайрадан козголду.

Маалыматка караганда уникалдуу кол жазмалардын айрымдары 13-кылымга таандык болчу. Болжол менен аларды чет өлкөлөргө чыгарып кеткен.

"2020-жылы Guardian гезити Британиядагы музей Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексинен уурдалган алты байыркы керамикалык плитканы Өзбекстанга кайтаруу ишин координациялаганын жазган. Ошондо ал артефакт Дубай аркылуу Британияга чыгарылганы маалымдалган", - деп макаласын жыйынтыктайт Eurasianet.

Эмбаргону кыйгап өтүп, Москвага сатылган курал

The Telegraph гезити Париж менен Берлин 2014-жылы салынган санкцияларга карабай, Москвага 273 миллион еврого бомба, ракеталарды сатып келгенин, ал куралдар, сыягы, ушу тапта Украинага каршы колдонулуп жатканын жазды.

Орус армиясы. Иллюстрациялык сүрөт
Орус армиясы. Иллюстрациялык сүрөт

Басылманын Брюсселдеги кабарчысы Евробиримдиктин ички отчётуна таянып даярдаган материалда "курал чыгаруучулар өз өкмөттөрү менен макулдашып, кош максатта колдонулчу продукциясын Орусияга жөнөтүп турчу" деп баяндаган.

Маалыматка караганда, курал Крымдын мыйзамсыз аннексиясына чейин түзүлгөн келишим менен сатылып келген. Аннексиядан кийин Еврошаркет Орусиянын коргонуу тармагын камсыздоого эмбарго киргизген.

"Эмбаргодогу жылчыкты Орусия февралда Украинага басып киргенден кийин Еврокомиссия жабууга аргасыз болгон", - деп жазды гезит.

Андан ары айтылгандай, Орусияга бомба, ракета, замбиректер берилип турду. Экспортту биримдиктин 10 өлкөсү ишке ашырып, бардыгы болуп алар Путиндин режимине 350 миллион еврого курал-жарак саткан. 78 пайызы германиялык жана франциялык фирмаларга туура келчү экен.

Автор Германиянын компаниялары 121 миллион еврого согуштук да, тынч максатта да пайдаланылчу товарларды сатканын, немис өкмөтү орусиялык кардарлар аларды алдаганын айтып, актанганын жазган.

Атап айтканда, Экономика министрлигинин басма сөз катчысы "Товарды аскердик максатта пайдаланышарын сезип билсек, экспортко лицензия берилмек эмес", - деп билдирди.

The Telegraph Франция 152 миллион еврого аскердик продукция жөнөткөнүн, бардыгы болуп 76 экспорттук лицензия берилгенин кабарлады. Журналисттин айтымында, Париж дагы эмбаргодогу жылчыкты пайдаланып, 2014-жылга чейин кол коюлган келишимди ишке ашырууга уруксат берген.

"Бомба, ракета, торпедолордон тышкары француз фирмалары истребителдер менен согуштук тик учактар үчүн навигациялык системаларды, танктардын атайын камераларын жөнөтүп турчу", - деп тактай кеткен басылма.

Сөз болгон эки өлкөндөн тышкары Италия, Австрия, Болгария, Чехия, Британия дагы андай иштерге аралашканы жазылган.

Италиялык аялдардын тарыхый жеңиши

Италияда бала төрөлгөндө мындан ары ага атасынын аты автоматтуу түрдө берилбейт. Мындай чечимди Конституциялык сот кабыл алганын La Repubblica гезити 27-апрелде жазды.

Италиядагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт
Италиядагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт

Эми ымыркайлар ата-энеси башкача чечпесе, экөөнүн тең атына катталат.

Макаланын автору Лиана Милелла италиялык аялдар ондогон жыл күтүп, акыр-аягында тарыхый укукка ээ болгонун жазат. Буга чейин ага Жарандык кодекстин беренеси тоскоол кылып келиптир. Журналист бул маселе кандайча козголгонунун чоо-жайына кайрылган. Бир нече жыл мурда италиялык түгөй үчүнчү баласына энесинин фамилиясын берүүнү өтүнгөн экен. Эмне дегенде эки баласы алар баш кошо электе төрөлгөндүктөн, энесинин фамилиясына катталган. Алар чүрпөлөрүнүн бардыгы бирдей фамилияда болуусун каалаган. Бирок Лагонегро деген жердин соту ата-эненин арызын четке каккан. Бир нече апелляциядан кийин иш конституциялык атайын кеңешке чейин жеткен. Ошол эле маалда Больцано шаарындагы дагы бир жуп ушул өңдүү арыз менен сотко кайрылган. Ошентип судьялар Жарандык кодекстин тиешелүү нормасы Баш мыйзамга канчалык туура келет деген маселени карай баштаган.

27-апрелде сот ымыркайга атасынын фамилиясын дароо ыйгаруу “дискриминациялык, наристеге залака тийгизген” норма деп тапты жана “тең укуктуулук принцибине таянып, баланын кызыкчылыгын эске алуу менен ата-эне анын фамилиясын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш керек” деп чечти. Эмне дегенде “адамдын аты анын нарк-насилинин негизги элементи болуп саналат”, - деп чечмеледи Италиянын Конституциялык соту.

Макалада айтылгандай, Европа соту буга чейин Италияны балага бир эле фамилия берүү нормасын сындап келген. Ошондон кийин, 2006-жылы өлкөнүн Конституциялык кеңеши андай жобо “үй-бүлөнүн патриархалдык концепциясынын мурасы экенин, эркектер менен аялдар ортосундагы теңдикке төп келбегенин” белгилеген.

XS
SM
MD
LG