Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Жергиликтүү соттордо ротация башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун 30-апрелдеги жарлыгы менен жергиликтүү соттордун айрым судьялары башка жакка которулду.

Президенттин сайтында жазылгандай, бул кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциянын алдын алуу, жергиликтүү судьялардын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Маалыматта айрым судьялар Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык башка жактарга которулганы жазылган.

Жарлыкта башка жактарга которулган дээрлик бардык райондук, шаардык жана облустук соттордун айрым судьяларынын тизмеси тиркелген.

Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаев 2-февралда президенттин жарлыгы менен дайындалган.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенде сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG