Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Орусия Одессаны бомбалап жатат


Одесса шаары бомбалоодон кийин. 23-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Одесса шаары бомбалоодон кийин. 23-апрель, 2022-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын ракета менен аткылоосунан 30-апрелде Одесса аэропортунун учуп-конуу тилкеси талкаланды. Украинанын "Түштүк" командачылыгы тилке пайдаланууга жараксыздыгын билдирди. Одессанын губернатору ракета Крым тараптан атылганын маалымдап, жабыркаган адамдар тууралуу маалымат жоктугун айтты.

Украин президенти Владимир Зеленский мындай чабуулдар уланып жатканда Москва менен тынчтык тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин билдирген. Расмий Москва буга санкциялар менен Украинага киргизилип жаткан куралдап тоскоол болуп жатканын айтты. Мариуполдогу курчоодо калган заводдо баш калкалап жаткан миңдей жай тургунду эвакуациялоого да "Батыштын санкциясы менен курал-жарагы жолтоо болгону" айтылган.

Бул аралыкта Донбасс менен Луганск аймактарында согуштук аракеттер уланууда. Орусия 30-апрелде 380 обьект аткыланганын билдирди.

Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Андан бери эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG