Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Украина: Мариуполдон 20 адам эвакуацияланды


Курчоодо калган "Азовсталь" заводу. Мариупол, Украина. Апрель, 2022-жыл.
Курчоодо калган "Азовсталь" заводу. Мариупол, Украина. Апрель, 2022-жыл.

Мариуполдогу курчоодо калган "Азовсталь" заводунан 20 адам - аялдар менен балдар эвакуацияланганын "Азов" полкунун командири Святослав Паламарь маалымдады. Анын сөзүнө караганда, эвакуация 30-апрелде, ишембиде болуп, адамдар Запорожьени көздөй жиберилди.

Мурдараак Орусиянын РИА Новости жана ТАСС маалымат агенттиктери "Азовсталдан" 25 жай тургун, анын ичинде алты бала коопсуз жакка чыгарылганын жазышкан. Телеграмм-каналдар БУУ жана Кызыл жарым ай коомунун катышуусунда жай тургундарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдашууда. Расмий Киев муну тастыктаган жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда Путин Мариуполдон жай тургундарды чыгарууга эл аралык уюмдардын катышуусуна макул болгонун орусиялык басылмалар билдиришкен.

Италиялык басылмалар Украинадагы согуш башталгандан бери Рим папасы үч жолу Орусиянын президентине кайрылып, Мариуполдон элди алып чыгууга коридор түзүүнү жана ал үчүн Ватикандан кеме сунуштаган. Журналисттердин маалымдашынча үч жолу тең орус тарап заводдогу элдин коопсуздугуна кепилдик бере албасын билдирген.

Мариупол учурда орус аскерлеринин колунда. Украинанын "Азов" батальону "Азовсталь" заводуна жайгашкан. Заводдун түбүндөгү лабиринттерде миңдей жай тургундар балдары менен, ошондой эле жарадар аскерлер бар экени кабарланган.

Украин бийлиги заводдон бардык адамдарды алып чыгып кетүүнү талап кылууда. Орус бийлиги аскерлер багынып бериши керек деп билдирген.

Мариуполдун бийлиги орус аскерлеринин аткылоосунан улам шаардагы 20 миң чамалуу тургун набыт болгонун билдирүүдө.

Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG