Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов камалды


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан кынаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шек саналып, камалды. Бул тууралуу анын уулу Элмурат Абдраимов "Азаттыкка" билдирди.

"30-апрелде саат 19:00 чамасында УКМКнын кызматкерлери үйгө келип, "аңгемелешүүгө" деп алып кетишкен. Эч кандай чакыруу кагаз берилген жок, адвокат чакырууга да жетишкен жокпуз. Саат түнкү 12 чамасында Кылмыш кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шек саналып, 48 саатка камалды" деп маалымат беришти".

Элмурат Абдраимовдун билдирүүсүндө, атасы Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) жетектеп турган учурдагы иши үчүн суракка чакырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы Туйгунаалы Абдраимовдун кармалып, камакка алынганын ырастады, бирок түшүндүрмө бере элек.

Атайын кызмат өткөн жылы ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адамды кармап, дагы бир нече кишини суракка чакырган. Анын алкагында Абдраимов дагы сурак берип чыккан.

Туйгунаалы Абдраимов 2005-2006-жылдары, кийинчерээк 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясын башкарган. 2007-2010-жылдары Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган. 2018-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалып, бул кызматта бир жылга жакын иштеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG