Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Актриса Анжелина Жоли Львов шаарына барып, качкындар менен баарлашты


Актриса Анжелина Жоли Львовдогу ыктыярчылар менен. 30-апрель. Украина. 2022-жыл.
Актриса Анжелина Жоли Львовдогу ыктыярчылар менен. 30-апрель. Украина. 2022-жыл.

Америкалык актриса, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) качкындар иштери боюнча ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли Украинанын Львов шаарына барды. Темир жол бекетинде ал Донецкиден качып келген адамдар менен сүйлөшүп, ыктыярчылар жана дарыгерлер менен баарлашты.

БУУ актриса Львовго уюмдун тапшырмасы менен эмес, өз алдынча барганын билдирди.

Социалдык тармактарда ал шаардагы кофеканалардын биринде жүргөн тасма жарыяланды.

Анжелина Жоли Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияны аны токтотууга чакырып, ал эми батыш өлкөлөрүн украин качкындарына жардам берүүгө үндөп келет.

Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган.

Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG