Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Добрынина: Кыргызстанга инсулин июндан эрте келбейт


Инсулин.
Инсулин.

Кант диабети менен ооруган адамдарга зарыл болгон курамында инсулини бар “Протафан” дарысы Кыргызстанга июндан эрте келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина билдирди.

“192 миллион сомдук инсулин дарысын алуу үчүн тендер аягына чыкты. Азыр экинчи типтеги кант диабети менен ооругандарга зарыл болгон “Протафан” дарысы жок болуп жатат. Анын ордуна таблетка түрүндөгү инсулиндин дозасын азыраак кылып берип жатабыз. Биринчи типтеги кант диабети менен каттоодо тургандарга запастагы инсулин берилүүдө”, - деди Добрынина.

Ар бир алты ай сайын инсулин сатып алуу боюнча тендер өтөт. Быйыл бул тендер кечигип өтүп жатканын Диабет жана эндокринологиялык ассоциациясы билдирди.

“Кант диабети” тууралуу мыйзамга ылайык, өлкөдө инсулиндин запасы жарым жылга жеткидей болушу керек. Бул дары бейтаптарга акысыз берилет.

Кыргызстанда кант диабети менен 72 миңден ашуун адам каттоодо турат.(BCh)

XS
SM
MD
LG