Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Таластагы реабилитациялык борбор үчүн кайрымдуулук аукциону өтөт


Талас шаары.
Талас шаары.

Бүгүн 20-майда Бишкекте Таластагы майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук аукциону өтөт. Сатыкка чыгармачыл адамдардын эмгектери коюлат. Чогулган акчага балдардын ден соолугун бекемдөөгө шарт түзүлө турган бөлүм ачылат.

“Күн балдарына – күнөстүү балалык” аукционун Кызыл Ай эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурууда.

Талас облусунда майыптыгы бар балдардын расмий катталган саны эки миңдин тегерегинде. Шаарда Даун синдрому же аутизми бар, ДЦП диагнозу коюлган балдар үчүн реабилитациялык борбор 2018-жылы ачылган, бул сыяктуу мекеме облус аймагында башка жок.

Борбордун өкүлдөрүнүн айтымында, соңку жылдары түрдүү вирустук оорулар көбөйгөндүктөн борбордо балдардын саламаттыгын бекемдөө, илдеттерди алдын алуу боюнча кошумча чаралар көрүлө турган бөлүмдү ачуу зарылычылыгы келип чыккан.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 200 миңдин тегерегинде, анын 32 миңи 18 жашка чыга электер экенин өкмөт былтыр билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG