Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Орус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштү


Орус дарама театры. Апхивдик сүрөт.
Орус дарама театры. Апхивдик сүрөт.

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жамаатынын атынан Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылуу жолдонду. Бул маалыматты 19-майда “Азаттыкка” театрдын кызматкери, Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Болот Тентимишов тастыктады.

Кайрылууга кол койгон артисттер директор Евгений Кузнецовго карата текшерүү жүргүзүүнү өтүнүп, жетекчи болуп иштеп жаткан төрт жыл ичинде ал театрды бардык көрсөкүчтөр боюнча артта калып жаткан жайга айландырганын билдиришти жана айлык, имаратты оңдоп-түзөө, кадрдык дайындоолор маселесин көтөрүштү.

“Алмаштырыш керек негизи. Төрт жылдан бери эч нерсе болгон жок. Театр мамлекет сыяктуу эле. Өзүнүн кызматын аткарган адамдар деңгээлине жараша ордунда болушу керек. Азыр болсо чыгармачылык боюнча деңгээли төмөн адамдар театрдын тагдырын чечип жатышат”, - деди Тентимишов.

“Азаттык” бул кайрылуу боюнча театрдын жетекчилигинен комментарий сурады, азырынча жооп ала элек.

1935-жылы негизделген театрда элүүдөн ашуун артист эмгектенет. Жетекчилик менен жамаат ортосунда чыр чыккан учурлар бул мекемеде буга чейин да катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG