Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Орусия “Азовсталда” эки миңдей украин аскери багынып бергенин билдирди


“Азовсталь” заводунан чыгарылып жаткан украин аскерлери жарадарларды көтөрүп баратат.
“Азовсталь” заводунан чыгарылып жаткан украин аскерлери жарадарларды көтөрүп баратат.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын камоолдо жаткан Мариупол шаарындагы “Азовсталь” заводунан жалпы 1908 украин аскери багынып бергенин маалымдады. Бул тууралуу ал 20-майда аскердик коллегияда айтты.

Шойгунун билдиришинче, мындан сырткары заводдун аймагынан 177 жайкын тургун чыгарылган. Министр заводду камоолго алуу дале улантылып жатканын кошумчалады.

Эки жарым айдан ашык убакыт багынбай, каршылык көрсөтүп келген “Азовсталь” заводундагы аскерлер 16-майдан тартып Украинанын жикчилдер башкарып турган аймактарына жана Орусияга чыгарыла баштаган. Аскердик туткундар андан ары абактарга киргизилип жатат.

Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай чечим аларды аман алып калуу үчүн кабыл алынганын айтып, “украин жоокерлери кийин колго түшкөн орус аскерлерине алмаштырыларын” айткан. Москва аларды “багынып бергендер, аскердик туткундар” деп атап жатат.

Мунун алдында Кызыл Чырым эл аралык комитети “Азовсталь” заводунан Орусия чыгарып кеткен украин аскерлерин каттап баштаганын, “бул алардын эсепке алууну жана гумандуу, татыктуу мамиле жасоону камсыздоо үчүн маанилүү экендигин” билдирген.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери мартта эле басып алган. “Азовсталь” заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, ушул убакка чейин курчоодо жаткан.

Заводдун алдында жашап жаткан 500дөн ашуун жайкын тургун, карылар, аялдар жана балдар Бириккен Улуттар Уюмунун жана Кызыл Чырым уюмунун ортомчулугу менен мурдараак эвакуацияланган. Азыр ал жакта дагы канча аскер жана канча жайкын тургун калганы белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG