Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна чектөөлөр кирди


Түркмөнстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстандык аялдар. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна байланыштуу бир катар чектөөлөр кирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлады. Ашхабадда мамлекеттик мекемелердин аял кызматкерлеринен “көңүл бурдуруучу элементтери бар көйнөктөрдү кийбейм” деген тил кат алынып жатат. Мурдараак мындай талаптар башка аймактарда киргизилген.

Айымдар мындан ары косметиканы колдонбошу керек. Аларга мындан ары чачын боёого, маникюр жасоого, жинсы шымдарды кийүүгө жана денеге чапташкан көйнөктөрдү кийүүгө тыюу салынат. Анын ордуна салттуу узун кийимдерди жана баш кийимдерди кийиши керек. Аялдар эгер чапталган тырмактары жана өстүрмө кирпиктери болсо, аны жок кылып, боёлгон чачтарын кайрадан кара түскө боёшу керек. Андай кылбагандар иштен бошотулары айтылды.

Бул чечимдер атайын буйрук чыкпай эле аткарылып жатат. Өлкө бийлигинен расмий тапшырма келген эмес. Аткаминерлер соңку чектөөлөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда. Талаптарды аткарууну жергиликтүү бийликтер жана мекемелердин жетекчилери көзөмөлгө алып жатат.

Аялдардын кийимине жана жүрүм-турумуна карата катаал чектөөлөр Түркмөнстанда апрелден тартып кире баштаган. Аймактардын биринде полиция кызматкерлери сулуулук салондоруна кирип, мындан ары ботокс жасоого, жүздөгү тырыштарды жазууга, кирпик өстүрүүгө, эриндерди чоңойтууга жана чапталчу тырмактарды колдонууга тыюу салынганын эскертишкен. Талапты аткарбаган салондорго ири көлөмдө айып пул салынып, жетекчиси 15 суткага чейин камалары айтылган. Майдын башынан тартып чектөөлөр башка райондорго да тарады.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келгенден кийин түркмөн жарандарына, айрыкча аялдардын тышкы келбетине көзөмөл күчөдү. Жакында өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен, төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынган. Көчөдө жасалма тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйгөнү кабарланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG