Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

"Чач кыркпа, четке чыкпа". Аялдарды талибдердей тескеген түркмөн бийлиги


Түркмөн окуучу кыздар.

Түркмөн бийлиги кыз-келиндердин сырткы келбетине көзөмөлдү күчөтүп, чоочун эркек менен бир машинеге отурууга тыюу салганы кабарланды. Ал тургай эми түркмөн кыз-келиндер чет өлкөгө да чыга албай калышы мүмкүн болуп турат. Серепчилер мындай чаралар коомдо чыңалууга себеп болорун эскертүүдө.

Жазылбаган эрежелер

Түркмөстандын борбору Ашхабад жана башка ири шаарлардагы күбөлөрдүн айтымында, полиция коомдук жайларды жана кеңселерди текшерип, жасалма кирпик же тырмак чаптаган аялдарды кармап кеткен учурлар катталууда.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жеке булактары, Түркмөнстандын Балкан провинциясында аялдарга автоунаанын алдыңкы орундугуна отурууга тыюу салынганын билдиришти. Бул жаңы эреже жергиликтүү таксилерге жана жеке автоунаалардын айдоочуларына да тиешелүү.

Түркмөн кыз-келиндери жакын тууганы болбогон эркек менен бир автоунаага отура албайт.

Полиция аялдарды көчөдө токтотуп, текшерип жатат. Ашхабад, 2022-жыл.
Полиция аялдарды көчөдө токтотуп, текшерип жатат. Ашхабад, 2022-жыл.

Балкандык МАИ кызматкерлери автоунааларды токтотуп, айдоочунун тууганы экенин далилдеп берүүнү талап кылышы мүмкүн. Бирок мындай катаал эреже Түркмөнстандын башка аймактарында бар-жогу белгисиз.

Таксисттердин бири, эгер алдыңкы орунда аял отурса, 2 миң долларга чейин айып төлөөгө милдеттүү экенин, "кечки саат сегизден кийин айдоочунун тууганы болобу, башкасы болобу, аялды унаага салууга такыр болбойт" дейт.

Түркмөнстандагы чектөөлөр боюнча расмий билдирүүлөр жок. Жергиликтүү бийликтен жана укук коргоо органдарынан комментарий алуудан майнап чыкпайт.

"Катаал чектөөлөр коомдо чыңалууга себеп болот"

Буга чейин “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Түркмөнстанда бийлик аялдарды хижаб же заманбап стилдеги кийимдерди эмес, улуттук кийимдерди кийүүгө үндөйт. Аялдардын салттуу кийим-кечектеринин көбүнчө колу жана этеги узун келет. Жаш кыздар оймо-чийме түшүрүлгөн такыя такса, аялдар көбүнчө жоолукту артынан байлап алат.

Улуттук кийим кийген түркмөн аялдар.
Улуттук кийим кийген түркмөн аялдар.

Аялдар жумушта, расмий чогулуштарда жана коомдук иш-чараларда да улуттук кийимдерди киет. Көчөлөрдө сейрек болсо да заманбап стилде кийинген аялдар учурайт. Бирок кыска юбка, шым, жеңи жок, далысы ачык көйнөк кийгендер көзгө илинбейт.

Мамлекеттик мекемелерде иштеген аялдар жумушка алынардан мурун тар кийимдерди кийбөөгө, чачын боёбоого, ботокс жасабоого, жасалма тырмак жана кирпик такпоого жазуу түрүндө ант беришет.

“Азаттыктын” Ашхабаддагы кабарчысы бир нече күбөлөргө шилтеме берүү менен мындай эрежелерге баш ийбегендер жумуштан чыгарыларын билдирди.

"Мамлекеттик органдардын жетекчилери күн сайын эрте менен айымдардын кийимдерин, сырткы көрүнүшүн текшерет. Эгерде алар кандайдыр бир эрежелерди сактабаганы аныкталса, иш бөлмөсүнө кирүүгө тыюу салынат", - дейт кабарчы.

Түркмөнстанда акыркы жылдары азык-түлүк тартыш. Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөр каатчылыкты ого бетер күчөттү.

Нааразылык акциясына чыккан түркмөнстандыктар. Стамбул шаары. 2022-жыл.
Нааразылык акциясына чыккан түркмөнстандыктар. Стамбул шаары. 2022-жыл.

Балкан облусундагы бир нече аял “Азаттыкка” экономикалык таңкыстыкка чыдабай калганын айтышып, эл бийликке каршы массалык нааразылык акцияларына чыгууну пландап жатышканын айтты.

"Жаңы президент аялдарды жек көрө тургандай мамиле кылат. Түркмөнстанда гендердик тең укуктуулук жок. Түркмөн аялдар мындай чектөөлөргө абдан нааразы", - дейт Түркияда жашаган түркмөн активист Дурсолтан Таганова.

Быйыл 11-апрелден тарта түркмөнстандык журналисттер оболу кыз-келиндерге чачын боёого, чачын кыска кырктырууга, маникюр, ботокс жасоого тыюу салынганын жазып чыккан. Көп өтпөй аялдардын кийим-кечелерине да талап катаалдады.

Расмий Ашхабад бул тыюулар боюнча расмий билдирүү жасай элек. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттарында да маалымат жок.

Бирок бул кадам президент Сердар Бердымухамедов кызматка киришип, анын ордуна өлкөнүн жаңы ички иштер министри келген учурда жасалып жатканы талкуу жаратууда.

Көпчүлүк түркмөнстандыктар бул чаралар өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү көз карашына байланыштуу экенин айтышат.

Түркмөн аялдарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салынары айтылууда

Түркмөн аялдарга болуп көрбөгөндөй чектөөлөрдү киргизип жаткан бийлик эми кыз-келиндердин өлкөдөн чыгуусуна толук тыюу салууну карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” түркмөн өкмөтүнө жакын эки көз карандысыз булак билдирди.

"Аялдардын өлкөнүн сыртына чыгуусуна тыюу салуу боюнча акыркы чечим чыга элек. Бирок бул маселе азыр Элдик Маслахаттын төрагасынын кызматын аркалаган президенттин деңгээлинде олуттуу талкууланып жатат. Алдын ала планга ылайык, бардык аялдардын чет элдик паспортторун алып коюу каралууда. Талкууланып жаткан эрежелерге ылайык, мамлекеттик комиссиянын негизинде чет өлкөдө дарыланууга уруксат алган же жарандыктан чыккан аялдарга гана өзгөчөлүктөр киргизилет”, - деди ишенимдүү булак. Ал чектөөлөр чет өлкөдө окууну каалаган кыздарга да тиешелүү экенин кошумчалады.

Бийликке жакын булак "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына бул маселенин көтөрүлүшүнүн бирден бир себеби, түркмөн аткаминерлер аялдардын чет өлкөлөргө чыгуусу өлкөнүн “аброюна шек келтирүүдө” деген пикирде экенин айтат.

"Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги менен Миграция кызматында түркмөн жарандары аралашкан кылмыштарды көзөмөлдөгөн атайын топтор бар. Бул топтор акыркы эки жылда чет өлкөлөрдө, өзгөчө Түркияда түркмөндөр аралашкан иштердин саны өскөн деген тыянакка келишкен. Айрыкча түркмөн аялдарынын сойкулук менен алектенген учурлары катталган. Сыягы, алардын ою боюнча, Түркмөнстанды аялдар гана уят кылып, мындан улам аларды өлкөдөн чыгарбоо чечимине келишти. Бирок эч ким жакшы жашоодон качып, сойкулук менен алектенбейт. Түркмөн бийлиги чет жактан акча которууга чектөө киргизген, бул көптөгөн жарандарды кыйын абалга алып келди".

Расмий Ашхабад жана мамлекеттик маалымат каражаттары чет өлкөдө жашаган мекендештери тууралуу маалыматтарды жарыялабайт.

Батышта жана Түркияда байырлаган түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү демонстрация жана митинг сыяктуу ар кыл нааразылык акцияларын мезгил-мезгили менен уюштуруп турат. Алар президент Бердымухамедовдун отставкасын жана өлкөдөгү коррупциянын жоюлушун талап кылышат.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөн мыйзамсыз жашаганы айтылып жүрөт.

Бул макала “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабад, Мары, Балкан жана Лебап облустарындагы кабарчылары тарабынан даярдалды.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG