Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө баштала турганын 20-майда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Жапаров муну Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири деп атап, аны колдоого чакырды. Темир жолду курууга байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы жагдайларга токтолгон жок.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында эле көтөрүлсө да ишке аша элек. Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен соңку жолугушуусунда темир жолдун курулушу жөнүндө сөз болгон.

Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн “Кабар” улуттук маалымат агентигине курган маегинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта экенин билдирген.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун төрт багыты боюнча варианттар бар. Кыргызстан темир жолду Ат-Башы районундагы Торугарт ашуусу аркылуу өткөрүп, Фергана тоо кыркасы бөлүп турган Кыргызстанды эки жагын байланыштыргысы келет. Ал эми Кытай менен Өзбекстан темир жолдун кыска багыты Эркечтам ашуусу аркылуу өтүшүн каалайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG