Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Доллардын курсу соңку эки жылда биринчи жолу 80 сомдон төмөн түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсеби боюнча АКШ долларынын 21-майга карата расмий курсу 79,87 сомду түздү. Акыркы жолу 2020-жылы октябрда доллардын куру 80 сомдон төмөн болгон.

Valuta.kg порталындагы маалыматтарга караганда, өлкөдөгү банктарда доллар 80,4 сомдон сатылып, 79,48 сомдон алынууда.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен.

Акыркы күндөрү анын курсу төмөндөөдө. Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо максатында бир нече жолу базарга доллар сатып, сатып алды. 18-майда 6 млн. доллар, 20-майда 20 млн. 550 миң сатып алды.

Кыргызстанда баалар доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттаган, курс төмөндөгөндөн бери баалардын арзандашы байкала элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG