Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ош: суу маселеси качан чечилет?


Ош шаары. Сууга кезек күткөндөр. 22-май, 2022-жыл.
Ош шаары. Сууга кезек күткөндөр. 22-май, 2022-жыл.

Ош шаарында таза суу маселеси курч бойдон турат. Катуу жааган жаандан улам 21-майдын таңында өчүрүлгөн бойдон суу берүү 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилди. Бул күндөрү мэрия машине менен суу жеткирип, аларда узун кезек күтүүлөр пайда болду. Суунун жоктугу бийликке болгон сынды күчөтүп, Оштун жашоочулары маселени тез арада чечүүнү талап кылып чыгышты. Суу үчүн бөлүнгөн миллиондогон акча кайда кетти деп суроо салгандар көбөйдү.

Ошто суу эки күндөй жок болду

Ошто муздак суу жаан жааган сайын токтоп калганы адатка айланган. Быйыл жылдагыга салыштырмалуу жаз жаанчыл болгондуктан, олуттуу маселе жаралды. Акыркы жолу жаан жаагандан кийин суу берүү 21-майда токтоп калып, 22-майдын кечинде гана калыбына келтирилгени расмий жарыяланды. Бирок жашоочулар бир нече райондорго суу дале бериле электигин билдирип жатышат.

Калаада 300 миңден ашуун абонент расмий катталган. Ошто таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет.

“Чындыгында эч кандай эскертүү берилген эмес. Шаардагы тургундарга "саат мынчадан мынчага чейин бул көчөлөрдө суу өчөт" деп маалымат берип койсо жакшы болмок. Балалууларга, кары-картаңдарга кыйын эле болду. Буларга ыктыярчы топ түзүп көмөк көрсөтүү керек. Быйыл суу өзгөчө көп өчтү. Жылда жамгыр жааган сайын өчөт болчу, бирок мынчалык эмес. Жамгыр башталганда өзүбүз эле камданып баштайт элек. Көнүп деле калганбыз. Бирок кары- картаңдарга, жаш балдары барларга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга аябай кыйын болду. Аларды эстеген деле адам жок”,- дейт Ош шаарынын тургуну Алтынай Галиева.

Жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева “Ошсууканал” ишканасы шаардыктарды жетиштүү деңгээлде таза суу менен камсыз кыла албагандыгы үчүн сотко берүү керектигин сунуш кылды.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“Биз мыйзам боюнча керектөөчүлөр болобуз, демек бизди суу менен камсыз кылгандыгы үчүн “Ошсууканал” ишканасына акча төлөйбүз. Тургундар менен кол коюлган келишим бар. Анын негизинде “Ошсууканал” ишканасы, мэрия өз убагында бизди үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылуусу керек. Болбосо биз акчаны төлөбөй коюуга акыбыз бар. Март, апрель, май айы үчүн таза сууга акыны төлөбөй койсок болот. Ошону төлөбөй койсок, абоненттерди жоопко тартпашы үчүн сот чечим чыгарып бериши керек. Же суу берилбеген 3-4 күн үчүн төлөмдөн кемитүү керек. Бирок мэрия суу чыкпаган күндөрдөгү төлөмдөрдүн акысын кемитпей жатпайбы. Ош шаарындагы абоненттердин баары бул ишкананы сотко бере баштаса, балким жоопкерчиликтүү иштей баштамак".

Активист “Ошсууканал” ишканасы элди суу менен камсыздоо боюнча монополист болуп алган деп эсептейт. Ошондой эле ал шаардыктардын тандоо укугу жок экенин, мэрия ушул ишканадан башка альтернатива сунуштабай жаткандыгын белгиледи. Анын пикиринде, Европа өлкөлөрүндө эл суу менен камсыз кыла турган компанияларды өзү тандайт.


Сууга кезекке турган шаардыктар социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү бийликке нааразылык билдиришти.

“Негизи бул таза суу маселесин чечүү үчүн өтө көп акча бөлүнгөн. Миллиондогон акча бөлүнүп келатат. Кредит түрүндө, грант катары берилип эле атат. Билишимче, 2008-жылдан бери Азия Өнүктүрүү банкы, Швейцария өкмөтү жана башка толтура тараптар акча бөлгөн. Бирок негедир ошол акча кумга сиңген суудай жок болуп кетет. Көйгөйдү чечүүгө кызыкдар адам жоктой. Жаан жааганда гана эстей башташат. Жаабаса унчукпай эле отурабыз. Качан суу өчкөндө ызылдайбыз. Буга чейинки үч долбоор тең ийгиликсиз болгон деп өздөрү деле моюнга алып жатат. Ошко келген жаңы мэр тарыхта атын калтырам десе, ушул ишти аягына чыгарып бериши керек. Бул көйгөйдү Бишкек дагы көзөмөлгө алса... Анткени элдин нааразычылыгы күндөн-күнгө өсүп жатат. Президент өз көзөмөлүнө алса... Мурдагы ийгиликсиз долбоорлор үчүн мурунку аткаруучуларга карата чара көрүлүп, күнөөлүүлөр жазасын алууга тийиш”,- дейт Ош шаарынын тургуну, активист Кубанычбек Жусанов.

Мэриянын жообу

Оштун мэриясы суу берүүнүн токтотулганын Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөнү менен байланыштырды.

"Кечээ Папандан келген селден улам сууну өчүргөнбүз. Сел токтоп, түнкү саат төрттө суу бергенден кийин жарым саат өтпөй жамгыр жаап, Озгур айылында сел жүрдү. Сууну берүүнү аргасыздан кайра токтоттук. Бирок үч күн суу болбойт деген маалымат туура эмес. Ар жарым саатта суудан анализ алып жатабыз, жамгыр токтоору менен кечке чейин суу берилет. Суу өчкөн жарандарга Оштун суу-канал башкармалыгынын 20дан ашуун унаалары суу ташып берүүдө",- деди шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.

Шаарда суу маселеси 15-20 жылдан бери чечилбей, жаан жааган сайын токтотулганына жергиликтүү жашоочулар жедеп көнүп деле бүткөн. Шаар бийлиги буга чейин көйгөй чечиле турганын бир нече жолу убада кылганы менен ал өтөсүнө чыга элек. Донорлордон жана казынадан миллиондогон акча бөлүнгөн, бирок дале маселе чечилбей жатканына жергиликтүү тургундар буга чейин да нааразылык билдирип келген.

Жоон топ адам 19-майда акцияга чыгып, “Таза суу!”, “Миллиондор кайда кетти?”, “Укугубуз тебеленип жатат” деген жазууларды көтөрүп турушкан.

Маселени чечүү үчүн эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн.доллар грант катары берилген. Бирок бул эки долбоор тең майнапсыз болуп, маселе чечилген эмес. Ош шаардык мэриясы шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн кайрадан Азия Өнүктүрүү банкынан грант сурап жаткандыгын маалымдады.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев июль айынан тартып курулуш иштери башталарын айтып, долбоордун аркасы менен кийинки жылы Ош шаары 80% таза суу менен камсыз болот деп ынандырууда.

Суу маселеси качан чечилет?

Ошентип, мэрия жамгыр жааса эле суунун өчүрүлгөнүн суунун башы ылай боло баштаганы менен түшүндүрүүдө. Мекеме бул үчүн суунун башындагы жер кыртышын бузду деп кен, кум казган ишканаларды айыптап келет. Анткени суу башындагы тоо, коктуларда кум казуунун калдыктары жамгыр жааганда агып келип сууну булгайт да, ылай болгондуктан колдонууга мүмкүн эмес деп өчүрүлөт.

“2003-жылы Ошко суу кетчү жайдын үстүндөгү коктуларда кум казган бир гана ишкана болгон. 2010-жылы бул нерсе чоңоюп жатат. 2015-2021-жылдарда кум казган жерлер аябай көбөйүп кеткен. Мына ушул жерде биз билгенден беш карьер иштейт кум казган, ошолор рекультивация болбогон. Казып, казып калдыктарын тазалабай кете бергендиктен, жамгыр жааганда сел болуп суу булганууда”,- деп түшүндүрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.

Анын маалыматына караганда, шаар башкармалыгы быйылкы абалдан кийин мындай ишканалардын ишмердүүлүгүнө баа берүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарына мурдагы жылдарда эмнеге кайрылуу болгон эмес деген суроого мекеме "бизге чейинки башкаруучуларга жооп бере албайбыз" деген жооп узатты.


Айтмакчы, "Азаттык" буга чейин Оштогу суу маселеси тууралуу макала даярдаганда кум казды деген ишканалардан маалымат алууга аракеттенген. Бирок алардын аталышы кандай экенин сураганыбызда мэрия маалыматты тактап бере турганын айткан. Ушул күнгө чейин аны тактап бере элек.

Ош шаардык прокуратурасы бул кайрылуу боюнча аракеттерди баштадыбы-жокпу, азырынча беймаалым.

Кум казат деген ишканалардын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Алардын бири дагы ушу кезге дейре ачык чыгып комментарий берген эмес.

Кыргызстандагы Бишкектен кийинки эле чоң шаар болуп эсептелген Ошто суу жаан жааса дагы токтошу мүмкүн.

Калаада 21-майда акыркы жолу суу берүү жапырт токтогон учур он бир мамлекеттен 300гө жакын спортчу катышкан алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталган күнгө дал келди.

Ош: Мэрден мэрге мураска калган таза суу көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:10 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG