Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ак-Сайга мал айдап кеткен үч киши эки күндөн бери дайынсыз болууда


Ак-Сай жайлоосуна барчу Кында ашуусу. (Архивдик сүрөт)
Ак-Сай жайлоосуна барчу Кында ашуусу. (Архивдик сүрөт)

Ат-Башынын Ак-Муз айылынын үч тургуну Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жатат. Алар тоого 22-майда таңкы саат алтыда чыгышкан. Арасында мектеп окуучулары да бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Муз айыл аймагынын башчысы Нурлан Иса уулу билдирди.

“Бүгүн түштөн кийин төрт кишиден турган топ аларды издөөгө чыгып кетишти. Алар айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар адиси, дайынсыз болуп жаткан балдардын биринин атасы жана айыл тургундары. Алар кеткен аймакка дагы деле кар жаап жатат”.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткандар айылдан 80 чакырымдай алыс жайгашкан Узун-Булак жайлоосуна уй, жылкы айдап кетишкен. Алардын бири 21 жашта, бири 11-класс, дагы бири 9-класстын окуучусу.

22-майда өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-майда дагы бир катар региондордо маал-маалы менен нөшөрлөгөн жамгыр, ал эми тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскертүүдө.

Ат-Башы райондук бийлиги кар түшкөн жайлоолор менен байланыш бар экенин, жол каттамдары ачык турганын маалымдады. Ак-Сайдагы малчыларга 14 автоунаага тоют жүктөлүп, малчыларга жөнөтүлгөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG