Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Украина: согуш кылмыштарына шектелген орусиялык аскер өмүр бою абакка кесилди


Орусиялык аскер Вадим Шишимарин сотто. Киев, 18-май, 2022-жыл.
Орусиялык аскер Вадим Шишимарин сотто. Киев, 18-май, 2022-жыл.

23-майда Киевдин соту карапайым кишини өлтүрдү деп айыпталган 21 жаштагы орусиялык аскер Вадим Шишимаринди өмүр бою эркинен ажыратты. Бул Орусия Украинага кол салгандан бери согуш кылмыштарына байланыштуу сот өкүмү чыккан биринчи иш болуп калды. Сот орус аскерин "Уруштун мыйзамдарын жана салттарын бузуу" беренеси менен күнөөлүү деп тапты.

Шишимарин 28-февралда Сумы районунда 62 жаштагы Александр Шелипов аттуу куралсыз тургунду өлтүргөн деп айыпталган. Тергөөнүн маалыматына караганда, маркум Чупаховка айылында велосипед менен баратканда башына ок жеген.

Өткөн аптадагы соттук териштирүүдө Шишимарин күнөөсүн моюнуна алып, маркумдун жакындарынан кечирим сураган.

Орус жоокери кандай жагдайда кармалганы так айтылган жок. Иркутскиден чыккан Шишимарин Москва облусундагы танк дивизиясындагы отряддын командири болчу.

Расмий Киев Орусия басып киргенден бери Украинада 10 миңден ашуун болжолдуу согуш кылмыштарын аныктаганын, орусиялык аскерлер үрөй учурган киши өлтүрүү фактыларына күнөөлүү экенин билдирип келет. Орусия жайкын тургундарга ок атканын четке кагып жатат.

Өткөн айда Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова согуш кылмыштарына шектелген 10 аскер аныкталганын, тергөөчүлөр далилдерди чогултууну улантып жатканын айткан.

Орусияда да украиналык аскерлерге каршы "Донбасстагы тынч тургундарды аткылаган" деген айып менен кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG