Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

АКШнын элчиси Өзбекстандагы сакал коюуга каршы өнөктүктү айыптады


АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм.
АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм.

АКШнын Ташкентеги элчиси Дэниел Розенблюм Өзбекстанда укук коргоо органдары мусулман жигиттердин сакалын мажбурлап кырдыртып жатканын айыптады.

“Полиция эркектердин сакалын күч менен алдыртып жатат. Америка мындай иштерге тынчсызданууда”, - деди элчи.

Eurasianet басылмасы жазгандай, элчи Розенблюм бул сөзүн өткөн аптада Ташкенттеги маалымат жыйынында айткан. Ал Өзбекстанда дин эркиндигине шек келтирген мындай аракеттер беш жылдан бери ишке ашырылып жаткан реформаларды жокко чыгарып коюшу мүмкүн экенин белгилеген.

2020-жылы декабрда АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстанды дин эркиндиги олуттуу бузулганы үчүн өзгөчө байкоо салууну талап кылган өлкөлөрдүн (Special Watch List) тизмесинен чыгарган.

Өзбек полициясы сакал кырдыруу өнөктүгүн кайра баштаганы тууралуу маалыматтар 6-майда видео блогер Абдурахмон Абдурахмонов “Инстаграмдагы” баракчасына сакалсыз сүрөтүн жарыялагандан кийин тарай баштаган.

“Сураныч, эмне болгонун, эмне үчүн сакалымды алганымды, баары жакшыбы, маселе барбы-жокпу, сурабагыла. Балким мага жооп берүү кыйын болот. Бирок муну көргөн жана бул тууралуу билген кишилер түшүнөт деген ниеттемин” , - деп жазган ал.

Ошол эле күнү Фейсбуктун колдонуучусу Мухаммадюсуф Кобилов райондук ички иштер бөлүмүнө барып келгенден кийин сакалын алууга туура келгенин жазып, сакалчан жана сакалын алгандан кийинки сүрөтүн жайгаштырган.

Өзбекстандын өкмөтү жарандардын динге берилгендигин ачык көрсөтүүсүнө чектөө коюу максатында мындай өнөктүктөрдү мурда да бир нече жолу өткөргөн.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жарандардын диний ынанымы менен байланыштыруу туура эмес экенин билдирди.

2019-жылы укук коргоо органдары Ташкенттеги "Малика" базарында да сакалчан ондогон кишини кармап, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин аларды сакалдарын күчтөп алдырышкан. Анда бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. 2021-жылы февраль айында да аталган базардын соодагерлери полиция кайрадан сакалдарын алууга мажбурлап жатышканын айтып даттанышкан. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG