Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Баку менен Еревандын биргелешкен комиссиясынын жыйыны чек арада өтөт


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. Брюссел, 6-апрель 2022-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. Брюссел, 6-апрель 2022-жыл.

Армения менен Азербайжандын демаркация жана чек ара коопсуздугу боюнча биргелешкен комиссиясынын алгачкы жыйыны жакынкы күндөрү армян-азери чек арасына өтөт. Бул тууралуу Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель 22-майда билдирди.

Ал жекшемби күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул сүйлөшүүлөрдө Тоолуу Карабак аймагына байланыштуу тынчтык планы талкууланды.

"Биз гуманитардык маселелердин, анын ичинде минадан тазалоо иштеринин чоо-жайын, кармалгандарды бошотуу жана жоголгондордун тагдыры сыяктуу маселелерди талкууладык. Чек арага байланыштуу биргелешкен комиссиясынын алгачкы жолугушуусу алдыңкы күндөрү эки өлкө чек арасында өтөт. Анда демаркация жана чек арадагы коопсуздукту камсыздоо маселеси каралат", - деп айтты Мишель.

Европа кеңешинин төрагасы сүйлөшүүлөр кайсы күнү өтөрүн тактаган жок.

Армения Азербайжан менен 2020-жылдын күзүндө болгон согушта Тоолуу Карабак аймагынын көп бөлүгүнө көзөмөлүн жоготкон. Орусия арачылык кылган тынчтык келишиминен кийин 2 миңдей орус аскери мониторинг жүргүзүү деген максат менен аймакка киргизилген.

Дээрлик 30 жылдан бери этникалык армяндардын көзөмөлүндө болуп келген Тоолуу Карабакты эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы деп тааныйт.

Өткөн айда Пашинян менен Алиев Брюсселдеги сүйлөшүүдө тынчтык келишимин даярдоого киришүүнү макулдашкан. Андан бери армян оппозициясы Пашинянды "Тоолуу Карабакка байланыштуу сүйлөшүүлөрдө Азербайжан тараптын кабыл алынгыс талаптарга макул болду", "Бакунун бул аймакка ээлик кылуу укугун тааныды" деп сындап келет.

XS
SM
MD
LG