Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Москва: сабалган секелек кызды Өзгөн диаспорасынын лидери алып кетти


Москва шаары.
Москва шаары.

Орусиянын Москва шаарында алысырак туугандарынын балдарын багып жүргөндө ур-токмокко кабылган 11 жаштагы кыргызстандык секелек кызды Өзгөн диаспорасынын жетекчиси алып кетти. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына жазды жана видеолорду жарыялады.

Анда секелек кыздын башы таңылып турганы тартылган, ошондой эле аны Москвага алысырак тууганы алып келгенин, ата-энеси Кыргызстанда калганын айтып берген.

Телефонго тартылган видеолордон өзүн "элчиликтен келдим" деп тааныштырган адам башка кишилер менен бирге ал секелек кыз жашап жаткан үйгө келгенин, кызды алып кетүүгө аракет кылып жатканын жана атасы менен телефондон сүйлөштүргөнүн көрүүгө болот.

Укук коргоочулардын билдиришинче, Орусияда жүргөн айрым кыргызстандыктар көп учурда алысырак туугандарынын өспүрүм, секелек кыздарын алып кетип бала бактырган учурлары кадыресе көрүнүшкө айланган.

Орусияда иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны бир миллиондон ашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG