Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:54

Дагестан: Украинаны колдогон бүтүрүүчү кыз кечирим сурады


Избербаш шаары, иллюстрациялык сүрөт.

Дагестандын Избербаш шаарындагы мектептердин биринде акыркы коңгуроо салтанатында элдин алдында "Согушка жол жок! Украинага даңк! Путин - шайтан" деп кыйкырган бүтүрүүчү кыз кечирим сурады.

Интернетке жарыяланган видеодо окуучу кыз кылган кылыгы үчүн өкүнүп жатканын, мындай кадамга "өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн барганын" айткан. Апасы дагы кечирим сурап, президент Владимир Путинди "патриот" деп атаган жана Украинананын аймагындагы "атайын операцияны" колдой турганын билдирген.

Кавказ.Реалии сайты өз булактарына таянып жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүтүрүүчү менен анын апасын кечирим суроого мажбурлаганын жазды. Бийликчил Телеграм-каналдары кызга карата өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө шек келтиргени үчүн, ал эми апасына өспүрүмдү тарибиялоодо ата-энелик милдетин аткарган эмес деген айып менен административдик протокол толтурулганын билдиришти.

Шаардын администрациясы менен полиция азырынча комментарий бере элек. Билим берүү министрлигиндеги булактар бүтүрүүчү кыз классташтары менен талашып-тартыша кеткенден кийин ушул кадамга барганын айтып беришти.

Орусияда Мамлекеттик Дума март айында Украинадагы согуштан улам Административдик кодексе өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө шек келтиргени үчүн жаза каралган берене киргизген. Анда 30 миң рублден 50 миң рублге чейин айып пул төлөө жазасы каралган.

Укук коргоочулардын эсебинде ошондой бери бул жаза эки миңден ашык адамга колдонулду. Бул айып кайталап тагылган жарандарга карата кылмыш иши козголот жана мындай учурлар каттала баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG