Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Министрлик "Илбирстин" аскерлеринин "экзамени" тууралуу түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлиги "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнүн бир жоокери экинчисин сабап жатканы тартылган видеого байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда бул окуяны жоокерлерди кабыл алуудагы "экзамен" деп атады.

Интернетке жарыяланган тасмадан камуфляж кийген бир адам экинчисин ал бир канча жолу теңселип жыгылып калганына, туруштук бере албай жатканына карабай башка-көзгө, бөйрөк тушка аёосуз соккулап, ичине, бутуна тепкилеп жатканын көрүүгө болот. Аларды ондогон адам тегерете курчап турганы, "Исман чыдап кой, тур, бетти тос, карма! деп" кыйкырып, кубаттап-коштогону тартылган.

"Видеодо келишимдик негизде кызмат өтөгөндөр тартылган. Алар мындай сынакка өз эрки менен катышат. Мындай иш-чара күжүрмөн даярдыктын алкагында жылына өткөрүлөт. Ага Жалал-Абад горнизонундагы 40 аскер кызматкери катышкан. Финалга 15 гана адам өттү",-деп айтылат маалыматта.

Коргоо министрлиги сынак учурундагы мелдеште сабалган жоокердин саламаттыгы тууралуу маалымат берген жок.

Расмий маалыматка ылайык, 2007-жылы Коргоо министрлигине караштуу Түштүк-батыш аскер бөлүгүнүн алкагында атайын багыттагы бригада түзүлгөн жана ага 2010-жылы "Илбирс" деген ат ыйгарылган. Учурда бул бөлүк келишимдик негизде кызматкер өтөгөн жоокерлерден куралган жана алар адатта илбирстин элеси түшүрүлгөн жашыл берет кийип жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG