Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Еревандагы өкмөткө каршы акцияда жүздөгөн киши кармалды


Еревандагы акция. 17-май, 2022-жыл.
Еревандагы акция. 17-май, 2022-жыл.

Армян полициясы Еревандын көчөлөрүн тосууга аракеттенген жүздөгөн кишини кармап кетти. 17-апрелден бери оппозиция өкмөткө каршы демонстрацияларды уюштуруп, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Алар премьер Толуу Карабак боюнча Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдө бир топ чегинүүлөргө барган деп эсептешет.

Өткөн айда азери президенти Ильхам Алиев Брюсселде Тоолуу Карабак талашын жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө жана чек аранын демаркациясы үчүн эки тараптуу комиссия куроого макул болгондон бери Пашинян катуу сынга кабылууда.

17-майда Еревандын полициясы “286 киши тартип коргоочулардын талаптарына баш ийбегендиги үчүн кармалганын” билдирди. Бир нече сааттан кийин “Азаттыктын” армян редакциясы кармалгандар дээрлик 400 кишиге жеткенин маалымдады.

Бир күн мурун полиция башкалаада раллиге катышкан 100 чакты айдоочуну кармап кеткен.

Баку тынчтык келишими беш элементке негизделсин деп айтып жатат. Анын ичинде бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таануу деген шарт бар.

Пашинян шарттар негизинен Ереван үчүн кабыл алынарлык дегенден кийин оппозиция "премьер Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүндө деп таанууга даяр" деп сындай баштады.

2020-жылкы согуштан кийин Армения жикчил аймактын айрым жерлеринен кол жууп калган. Отуз жылдан бери этникалык армяндардын көзөмөлүндө болуп келген Тоолуу Карабакты эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү деп тааныйт.

Пашинян 2020-жылы согуштагы жоготууларды алдын алуу үчүн ок атууну токтотууга макул болгонун, ал аймактагы армяндар менен талкууламайынча эч кандай тынчтык келишимине кол койбосун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG