Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды


Саламаттык сактоо министринин кармалган кеңешчиси Мээрим Тилекова
Саламаттык сактоо министринин кармалган кеңешчиси Мээрим Тилекова

17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкектен кармалган. Саламаттык сактоо министринин 29 жаштагы кеңешчиси Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара алуу” беренеси боюнча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

Бейшеналиев Жети-Өгүздө Медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы каржылык ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлерине эки жолу сурак бергенин билдирген. Ушул тапта ал Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын айткан.

16-майда саламаттык сактоо министринин орун басарлары Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, бийликтен Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алууну суранышты. Алар министр кызматкерлерге орой мамиле жасап, кадрларды кызматтан негизсиз алып жатканын, министрликте коррупциялык иштер бар экенин айтышты.

Бейшеналиев бул сөздөрдү четке кагып, мекемеде реформа жүрүзүп жатканын билдирген. 17-майда Саламаттык сактоо министрлигинде Бейшеналиевди колдогон акция өттү.

Бейшеналиев 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Министрдин өзүн алып жүрүүсү, журналисттерге берген интервьюсу коомчулукта утур-утур сынга кабылып келет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ага Башкы прокуратуранын сунушунан кийин апрель айында сөгүш жарыялаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG