Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кылмыштуу топтун “Карышкыр” аттуу мүчөсү киши өлтүрүүгө шек саналып кармалды


Киши өлтүрүүгө шек саналып кармалгандар. Сүрөттө сол жактан биринчи Мурсалым Өмүрзаков
Киши өлтүрүүгө шек саналып кармалгандар. Сүрөттө сол жактан биринчи Мурсалым Өмүрзаков

Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков буйрутма киши өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул кылмыш ишин уюштурууга катышкан деген айып менен дагы үч киши колго түшкөн. Алардын бирөө аял.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 25-апрелде Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы адам экени аныкталган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, каза болгон адам менен
чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалган. Шектүүлөр 24-апрелде Бишкектин кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды машинага салып барып, Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен сабашкан. Ал ошол жерде каза болгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иликтенип жатат.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмышка катышы бар башка да адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Кылмышка шектүү катары кармалгандардын бири Мурсалым Өмүрзаков мурда бир нече жолу соттолгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG