Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Октябрь райондук милиция кызматкерлерине 25 иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 25 кылмыш иши козголгонун билдирди. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Далилдерди бурмалоо”, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен иликтенип жатат.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери “Кылмыштардын бирдиктүү реестрине” жалган маалыматтарды киргизип, адамдарга жасалма кылмыш иштерин козгогон. Муну менен алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө көбөйтүүнү максат кылышкан.

Шектүүлөр уурулук беренеси менен айыпталгандарды да көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын моюнуна алдырып, андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча иштерди өндүрүштөн токтотушкан.

Кылмыш иштерин Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG