Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:01

“Ош” аэропортунун айрым кызматкерлери жетекчилигине каршы пикетке чыкты


“Ош” аэропортунун пикетке чыккан кызматкерлери. 17-май, 2022-жыл.
“Ош” аэропортунун пикетке чыккан кызматкерлери. 17-май, 2022-жыл.

“Ош” эл аралык аэропортунун айрым кызматкерлери 17-майда Ошто пикетке чыгып, аэропорттун жетекчилигине нааразылыгын билдирди. “Ош” аэропортунун диспетчерлик бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Токторбаева мекеменин башчысы Арипжан Токуров ага жана айрым кызматкерлерге кысым кылып, кадрдык башаламандык болуп жатканын айтты.

“Коё турган адамдарын кызматка коюп, ала тургандарын алып бүттү. Биз президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылабыз. Мен кызматкерлердин укугун коргоп чыксам, мага болор-болбос жалааны жаап атат. “Сен сыртка көп чыгат экенсиң, купуя документтерге сенде укук бар” деп атышат. Биздин кызматта эч кандай жашыруун документ жок”, - деди Токторбаева.

“Ош” эл аралык аэропортунун башчысы Арипжан Токуров мекеменин айрым кызматкерлеринин дооматын четке кагып, кызматкерлерге куугунтук болбогонун билдирүүдө.

“Токторбаеваны эч ким кызматтан кетирген жок. Ал купуя маалыматтар бар кызматта иштейт. Ал жумушка киргенде мамлекеттик купуя маалыматтарды эч жакка чыгарбоо тууралуу документке кол коюп берет. Бирок ал эч кандай рапорт жазбай, жетекчиликти кабардар кылбай эле чет жакка чыгып келген. Куугунтуктоо, бирөөнү кызматтан кетирүү деген жок бизде”.

Токуров аэропорттун кызматкери Жылдыз Токторбаева башка орунга которулуп жатканын да кошумчалады. “Ош” эл аралык аэропортунда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. (BTo)

XS
SM
MD
LG