Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Хорогдогу митингде үч киши жараат алды


Хорогдогу нааразылык. 16-май, 2022-жыл.
Хорогдогу нааразылык. 16-май, 2022-жыл.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Хорог шаарында 16-майда болгон нааразылык акциясында кеминде үч киши жараат алды. "Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) жазгандай, милиция Бархорог микрорайонунан Хорог шаарынын борборуна багыт алган жаштардын тобун токтотуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана желим окторду колдонду. Расмий Дүйшөмбү Хорогдогу бул окуяны четке кагып, же ырастай элек.

14-майда Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана шаардын мэри Ризо Назарзоданын отставкага кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Автоном облустун бийлиги митингчилердин аймактын жетекчилерин кызматтан алууга байланыштуу талабын "мыйзамсыз" деп мүнөздөп, аны аткаруудан баш тарткан. Митингдин катышуучуларынын бири талаптар аткарылмайынча нааразылык акциялары улана берерин "Озоди" радиосуна айткан. Тажик бийлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү "мыйзамсыз нааразылык акциялары террорчулук катары эсептелине турганын" эскерткен.


Хорогдогу кырдаал өткөн жылдын ноябрында курчуп кеткен. Анда күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында 29 жаштагы Гулбиддин Зиебеков аттуу жергиликтүү тургун өлтүрүлгөн. Бийликтин элди таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG