Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Швециянын өкмөтү НАТОго мүчө болууну чечти


Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон.
Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон.

Дээрлик 200 жылдан бери нейтралитетти сактап келе жаткан Швециянын өкмөтү НАТОго мүчө болуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон 16-майда жарыялады.

"Өкмөт Швеция альянска мүчө болгусу келери жөнүндө НАТОну кабардар кылууну чечти. Швециянын НАТОдогу элчиси жакын арада уюмга маалымат берет", - деди Андерссон.

Бир күн мурда Швециянын коңшусу Финляндия да ушундай эле чечимин жарыялаган. Орусия менен 1300 чакырымдык чек арасы бар Финляндия Экинчи дүйнөлүк согуштан бери бейтарап макамын сактап келген.

Орус президенти Владимир Путин Москва Хельсинки менен Стокгольмдун НАТОго кошулуу чечимин коркунуч катары кабыл албай турганын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 16-майдагы жыйынында айтты. Бирок ал уюмдун аскердик түзүмдөрүнүн бул өлкөлөргө жайгаштырылышы Москванын реакциясын жаратышы мүмкүн экенин белгиледи.

Анын алдында Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков эки өлкөнүн чечимин "кесепети оор боло турган чоң ката" деп мүнөздөгөн.

Расмий Хельсинки менен Стокгольм аскердик альянска качан мүчө болору так белгисиз. НАТОнун расмий өкүлдөрү эгер эки өлкө расмий арыздарын май айынын соңуна чейин жөнөтсө, аларды кабыл алуу боюнча протоколго уюмдун 28-29-июнда Мадридде өтө турган саммитинде кол коюлушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG