Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

"Макдоналдс" менен "Рено" Орусиядан кетип жатканын жарыялады


Орусиядагы "Макдоналдс" түйүндөрүнүн бири.
Орусиядагы "Макдоналдс" түйүндөрүнүн бири.

"Макдоналдс" тез татым жайларынын түйүнү Орусиядан толугу менен кетип жатканын жана өлкөдөгү бизнесин сата турганын жарыялады. Америкалык бул компания Орусияда дээрлик 32 жылдан бери иштеп келген. Бул өлкөдөгү алгачкы "Макдоналдс" 1990-жылдын декабрында ачылган.

Компания соңку чечимине Украинадагы согуштан улам жаралган гуманитардык кризис себеп болгонун, Орусиядагы бизнесин сактоо аракети "мындан ары максатка ылайыксыз экенин жана ишкананын баалуулуктарына шайкеш келбей" турганын 16-май күнү билдирди.

Ошол эле күнү франциялык автоунаа чыгаруучу "Рено" компаниясы да Орусиядагы ишканаларын, анын ичинде "АвтоВАЗ" ишканасындагы үлүшүн сатуу боюнча келишим түзгөнүн жарыялады. Компания бул оор жана зарыл чечим болгонун, Орусиядагы 45 миң кызматкери үчүн "жоопкерчиликтүү тандоо" жасаганын белгиледи. "Рено" кандай келишимге жеткени так айтыла элек.

Бирок компаниянын билдирүүсүнөн кийин Москванын мэри Сергей Собянин "Ренонун" Москвадагы заводунда "Москвич" үлгүсүндөгү автоунаалар чыгарыла турганын, "КамАЗ" ишканасы бул заводдун өнөктөшү болоорун айтты.

"Макдоналдс" компаниясы Орусиядагы ресторандарынын 80 пайызын түз башкарат. Орусиядагы түйүндөрү компаниянын салыктардан кийинки кирешесинин 3 пайызын түзүп келген.

Орус күчтөрү 24-февралда Украинага кол салгандан бери ондогон эл аралык компаниялар Орусиядан чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG