Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Фин жана швед парламенттери НАТОго кошулуу маселесин карайт


Финляндиянын желеги.
Финляндиянын желеги.

16-майда Финляндия менен Швециянын парламенттери НАТОго кошулуу боюнча маселени талкуулаганы жатат.

Бир күн мурда Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин расмий Хельсинки парламенттеги талкуудан кийин Түндүк атлантикалык аскердик альянска мүчө болуу тууралуу кайрылуу жолдой турганын жарыялашкан.

"Албетте, биз азыр бир нече ай мурдагыдан таптакыр башка Орусияны көрүп жатабыз. Орусия Украинага кол салганда бардыгы өзгөрүп кетти. Жеке өзүм Орусиянын жанында өз алдыбызча турганда келечек тынч болооруна мындан ары ишенбей калдым", - деп айткан Санна Марин.

Финляндиянын чечимин улай жекшемби күнү Швециянын бийликтеги Социал-демократиялык партиясы да өлкөнүн НАТОго мүчө болушун жактай турганын, бул маселеде 16-майда парламенттен колдоо күтө турганын билдирген.

Расмий Хельсинки менен Стокгольм аскердик альянска качан мүчө болору так белгисиз. НАТОнун расмий өкүлдөрү эгер эки өлкө расмий арыздарын май айынын соңуна чейин жөнөтсө, аларды кабыл алуу боюнча протоколго уюмдун 28-29-июнда Мадридде өтө турган саммитинде кол коюлушу мүмкүндүгүн айтышууда.

Орусия коңшусу Финляндиянын жана Швециянын НАТОго мүчө болуу аракетин 16-майда дагы бир жолу сынга алды. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков эки өлкөнүн чечимин "кесепети оор боло турган чоң ката" деп мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG