Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугушту


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-тажик чек арасы
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргыз-тажик чек арасы

Баткен районунун акимчилиги “Азаттык” радиосуна 16-майда кабарлагандай, аким Учкунбек Жоробаев Ак-Сай айыл аймагынын Тумба жерлигинде Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода жетектеген топ менен жолугушту.

Ага эки мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн, Кадастр мамлекеттик мекемесинин, Суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү жана чектеш айыл аймактардын башчылары катышты. Тараптар чек ара, укуктук тартип, сугат, чарба иштери жана күндөлүк тиричиликте болуп жаткан маселелерди талкуулашкан. Чек аралаш айылдардын тургундарынын ар кандай чагымчылдык аракеттерге алдырбоосу боюнча иш жүргүзүүнү макулдашты.

Буга чейин талаш-тартыштардын алдын алуу боюнча иш-мерчемдер кабыл алынган.

Апрель айында Баткен облусу жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилиги тарабынан сугат мезгили учурунда чыр-чатактардын алдын алуу, сууну бөлүштүрүү боюнча келишимди аткаруу багытында эки тараптуу жумушчу топ түзүлгөн.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Апрелде кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашкан.

Эки өлкөнүн такталбаган чек араларында жол, суу, жайыт талаштын айынан тынымсыз чыр-чатактар катталып турат.

Тараптардын ымаласы 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Ал жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаганы расмий кабарланган. Акыркы жолу 2022-жылдын 12-апрелинде да чек арада ок атышуу болуп, алты кыргызстандык жараат алган. “Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG