Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Украина Донбасста Орусиянын жаңы чабуулдарына камданууда


Донбасс аймагындагы украин аскерлери.
Донбасс аймагындагы украин аскерлери.

Украинанын армиясы өлкө чыгышындагы Донбасс аймагында жана түштүктөгү райондордо Орусиянын күчтөрүнүн жаңы чабуулдарына камданууда. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 15-майдын кечиндеги билдирүүсүндө айтты.

"Оккупанттар туңгуюкка кептелгенин жана алардын "атайын операция" деген иши банкрот болгонун моюнуна алгысы келбей жатат. Бирок украин эли баскынчыларды бул реалдуулукту толук таанууга мажбур кыла турган күн да келет", - деди Зеленский.

Украин президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Алексей Арестовичтин айтымында, украин күчтөрүнүн контр чабуулдарынан кийин Харьков аймагынан чегинген орус күчтөрү учурда Донбасска жөнөтүлүп жатат.

Орусия Украинанын бир катар шаарларын аткылоону улантууда. 16-майда өлкө түштүгүндөгү Николаев шаарында бир нече жарылуунун добушу угулду. 15-майда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аскердик инфраструктурага Орусиянын төрт ракетасы тийгенин регионалдык губернатор Максим Козицький билдирди.

Түштүктөгү Мариупол шаарында орус күчтөрүнүн курчоосунда калган "Азовсталь" заводундагы 600дөй украин аскерлери каршылык көрсөтүүнү улантууда. Алардын жакындарынын айтымында, украин күчтөрү таза суу жок болгондуктан заводдогу өндүрүштө колдонулуп келген сууну ичүүгө аргасыз болуп жатат.

Президент Зеленский "Азовсталдагы" украиндерди сактап калуу үчүн "өтө татаал жана кылдат сүйлөшүүлөр" күн сайын өтүп жатканын айтты.

Орусия 24-февралдан бери Украинанын дээрлик көпчүлүк аймактарындагы ири шаарларына чабуул койгон. Киевди курчоого алуу аракети ийгиликсиз аяктап, марттын аягында жана апрелдин башында орус аскерлери Украинанын түндүгүндөгү Ирпен, Чернигов сыяктуу шаарлардан чыгып кеткен. Андан көп өтпөй орус армиясы Украинанын чыгышында жана түштүгүндө чабуулдарын күчөткөн.

15-майда Батыш Донбасста орус армиясынын чабуулунун “ыргагы солгундап калганын” билдирди. Орус армиясы Украинадагы "атайын операциясы" планга ылайык уланып жатканын маалымдап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG