Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Кадыркулов Украинада согушка катышты деген жаран тууралуу маалымат берди


Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов.
Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов бул өлкөдөгү согушка катышканы айтылган кыргызстандык жаран тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Ал элчилик Украинанын аймагындагы кыргызстандыктар тууралуу кабардар экенин, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) иш козгогон адам тууралуу дагы толук маалымат болгонун белгилеген.

"Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан. Ал жаран аймактык коргонуу кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөнү билинген. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген", - деп жазган элчи.

УКМК кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактардагы баракчасын тапканын 14-майда маалымдаган. Атайын кызмат акаунттун ээси 2021-жылы Украинага эмгек миграциясына чыгып кеткен Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экени такталганын жана ага карата кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ("Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы") кылмыштын негизинде Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Киев Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери 25 миңден ашуун аскерин жоготконун кабарлаган. Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын атай элек.

Согуш башталгандан бери Украинанын аймагында Орусиянын жарандыгын алып, армияда кызмат өтөгөн үч кыргызстандык каза болду. Алардын сөөгү Кыргызстанда орус желеги менен жерге берилгени коомчулуктун сынына кабылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG