Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Британия: Орусиянын Донбасстагы чабуулунун “ыргагы солгундады”


Украин армиясынын аскерлери.
Украин армиясынын аскерлери.

15-майда британ чалгын кызматы Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орус армиясынын чабуулунун “ыргагы солгундап, мөөнөтүнөн кыйла артта калганын” билдирди.

Британ коргоо министрлигинин бюллетенинде белгилегендей, ушул тапта Орусия февралда уруш башталгандан бери кара жерде согушкан күчүнүн үчтөн бирин жоготту.

24-февралда Орусия Украианага согуш ачып, Киевди басып ала албай калгандан кийин Донбасс аймагында күчүн үрөй баштаган.
Британ өкмөтү орус армиясы уруштун башында бир катар ийгиликке жеткени менен соңку айда Донбасстын аймагында алсырай түшкөнүн белгилейт.

Британ коргоо министрлиги азыркыдай шартта Орусия алдыңкы 30 күндө согуштун ыргагын тездете албай турганын боолголойт.

Орусиянын аскердик жетекчилери Украинадагы "операциясы" планга ылайык жүрүп жатканын билдирип келет. Анткен менен соңку окуялар жана орус аскерлеринин Харьковдогу бир топ айылдардан артка чегиниши украин тараптын чабуулдары көбөйгөнүн көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG