Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Баткенде милиция кызматкерлерине психологиялык жардам берилет


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

Ички иштер министрлигинин медицина башкармасынын психологдору Баткен облусуна барып, милиция кызматкерлеринен атайын даярдалган суроолорго жоопторду алышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук милициянын борбордук аппаратынан тартып, шаардык, райондук бөлүм, кызматтарынын өкүлдөрү белгиленген убакыттын ичинде суроолорго жазуу түрүндө жооп беришти. Анын жыйынтыгын ИИМдин Медицина башкармасынын психологдору чыгарып, ар бир кызматкерге өзүнчө билдирет.

2021-жылдын 28-29-апрелинде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Жүздөгөн турак жана соода жайлары, социалдык объектилер талкаланган.

Кийинки убакта ички иштер органдарында милициянын бөлүм башчылары кол алдындагыларын сабап салган же тескерисинче, кызматкер жетекчисине кол көтөргөн кылмыш фактылары катталган.

Бул окуялардан улам укук коргоо тармагындагы ички тартип, андагы эл менен түздөн-түз иштеген кызматкерлердин моралдык-психологиялык абалы тууралуу маселе коомчулуктун талкуусуна түшкөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG