Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Түркия: кыргыз элчиси "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын алды


Кубанычбек Өмүралиевге "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын тапшыруу учуру.
Кубанычбек Өмүралиевге "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын тапшыруу учуру.

14-майда "GAP" журналисттер бирикмеси Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге "эң ийгиликтүү дипломат" сыйлыгын тапшырды.

Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Сыйлык ага эки өлкөнүн мамилелерин чыңдоого, экономикалык жана маданий алакаларды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилген. Түркиянын Малатия шаарында өткөн бул аземде "эң мыкты министр", "эң мыкты губернатор", "эң ийгиликтүү ишкер" сыяктуу сыйлыктар ыйгарылды.

Кубанычбек Өмүралиев соңку үч жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келе жатат. Ал 2021-жылдын июль айында Кыргызстандын Израилдеги элчиси да болуп дайындалган.

Түркия Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. Өлкөдө учурда 25 миңдей кыргызстандык мигрант жашап, эмгектенет. Былтыр эки өлкөнүн дипломатиялык алакасынын 30 жылдыгына карата Түркияда бир катар иш-чаралар уюштурулган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG