Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Суусамыр суусуна агып кеткен депутат табыла элек


Суусамыр дарыясына түшүп кеткен жаранды издөө учуру. 12-май, 2022
Суусамыр дарыясына түшүп кеткен жаранды издөө учуру. 12-май, 2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Суусамыр дарыясына түшүп кеткен Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты, 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери уланып жатканын билдирди. Ал 11-май күнү дарыянын аралчасында калган жылкысын куткаруу үчүн сууга кайык менен түшүп, оодарылып кеткен. Жээкке чыга албай калган. Аны менен бирге жүргөн куткаруучу сүзүп чыгууга үлгүргөн.

"ӨКМнин 112 кызматына Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу түшкөн. Куткаруучулар түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок, жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгуусун талап кылган. Куткаруучу кайыкка кошо түшкөн. Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен. Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган", - деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 20 куткаруучу жана суучулдар кызматынан беш суучул тартылган. Алар топ-топко бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктеринде издөө иштерин жүргүзүүдө.

Соңку күндөрү жаан-чачындуу аба-ырайына байланыштуу дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыккан учурлар катталууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG